Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Баткен облусу, Баткен 11.01.2019 12:55

2018-жылы Баткенде 3351 арыз катталып, 831 кылмыштын бети ачылды

Turmush -  2018-жылы Баткен ОИИБде 3351 арыз катталды. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылдагыдан 47ге көп. 908 кылмыш иш тергелип, анын ичинен 831 кылмыштын бети ачылган. Жыл ичинде 65 оор өтө оор кылмыш катталып, алардын ичинен 65 бети ачылган. Адам өлтүрүү боюнча 11 факты катталып, денеге оор залал келтирүү фактысы 20 катталып, баарынын тең бети ачылды. Мал уурулук боюнча 53 арыз катталып 49 бети ачылган.

Автотранспорт каражаттарын жат укукка ээлеп алуу фактылары кескин түрдө азайган. Жыл ичинде 10 факт катталса, баары тең өз убагында кармалып, унаалар ээлерине кайтарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×