Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Чүй облусуКемин району 11.01.2019 10:41 Жаңыланды: 13.01.2019 15:02

Айыл турмушу: Элеттик келиндерди сулуулап, той көйнөктөрүн тиккен А.Жапарованын ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну Алина Жапарова элет жеринде жашаган кыз-келиндердин чөнтөгүнө жараша өзгөчө үлгүдөгү көйнөктөрдү арзан баада тигип, аларды той-топурга сулуулап, кошумча акча каражат таап келет.

Анын айтымында, жолдошун шуба алып бер деп кыйнабай эле, өзүнүн чеберчилиги менен шуба тигип кийип алган.

Биздин келинге бут кийимден башка алып бербейбиз

- 2009-жылы Бишкектеги №18 кесиптик лицейинен бычмачылык-тикмечилик кесибинен билим алып, аны артыкчылык диплом менен аяктагам. Дароо эле К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университеттин экономика тармагына тапшырып, аны да ийгиликтүү аяктап алдым. 2012-жылы жолдошум Бактыбек экөөбүз үйлөнүп, 3 балалуу болдук. Өзүӊөр билгендей, айыл жергесинде мамлекеттик жумуштар аз, анын үстүнө айлыгы да аз эмеспи. А, бирок тикмечилик кесибимди таштаган жокмун. Кайын атам, апам (атам менен кайын энем) үйгө тигүүчү машина сатып беришкен. Колумдан келген соӊ дүкөндүкүндөй эле сапаттуу кылып жолдошума, балдарыма жана өзүмө ар түрдүү кийим тигип кийип жүрдүк. Бул да болсо үй-бүлөлүк бюджетке өбөлгө экен. Апам (кайын энем) күлүп, «биздин келинге бут кийимден башка алып бербейбиз, ушундай жакшы келин» деп айтып калат. Ойлонуп көрсөм, чынында баарын өзүм тигип киет экенмин. Жолдошумду шуба алып бер деп кыйнабай, өзүм эле тигип кийип алгам.

Бир гана жолдошумдун иштеп тапканын карап отура бергим келген жок

- Бишкектеги чоӊ цехтер менен келишим түзүп, керектүү кездемелерди алып келип, тез-тезден кийим тиктим. Кайра шаарга каттаган кичи автобустардан салып жиберип да жүрдүм. Бирок ал мага да, үй-бүлөмө да оор болот экен. Берилген буйрутманы өз убагында тапшыруу керек болуп, күнү-түнү иштеп калдым. Ошондо үй жумуштары, тамак-аш убагында дайындалбай калчу. Жолдошум «бул жумуш жарабайт экен, үйдө эле болчу, балдарды карап» деди. Мен макул болдум. Ачыгын айтканда, айылда деле жашоо кыйын. Жер айдап, түшүмүн сата келсеӊ баасы арзан же актабай калышы ыктымал. Малдын деле түйшүгү оор, сата келсеӊ арзан. Ал эми үй-бүлөгө күнүмдүк жашоого акча керек эмеспи. Бул айыл жерде жашаган көпчүлүк үй-бүлөнүн билинбеген көйгөйү десем жаӊылышпайм. Бир гана жолдошумдун иштеп тапканын карап отура бергим келген жок. Мурда коӊшу-колоӊдун бир нерселерин тигип, оӊдоп берип турчумун. Ушинтип деле акча тапсам болот экен деген ой келди. Айылда баары эле менин тикмечилигимди билишти. Буйрутмалар келе баштады. Чоӊ кийимди кичирейтип, кичирегин чоӊойтуп, эскисин жаӊылап тигип бере баштадым. Ошентип эки жылдан бери кыз-келин, жеӊелерге ар түрдүү жарашыктуу, кудум дүкөндүкүндөй, жада калса дүкөндө да жок, өзүмдүн фантазиямдан жаралган көйнөктөрдү тигип жатам. Өзгөчө той учурунда аябай көп буйрутмалар келет. Айыл жергеси болгону үчүн бааны шаардыкындай кымбат кыла албайм. Элдин акчасы ага туура келбейт. Ошол себептен сапаттуу жана өзгөчө стилде болсо да шаардан кыйла эле арзан сатам. Аз да болсо үй-бүлөгө кошкон салымым, жолдошума кылган кичинекей жардамым деп шүгүр кылам.

Акырындан анча-мынча акча топтоп, базарда кандай кийим модалуу болуп жатканын жана айыл жергесине кандай кийим керек болуп жатканын баамдап көрөм. Мисалы чокой, жоолук, халат, чыптама жана башка кийимдерди тигип, тааныштарым аркылуу сата баштадым. Ал эми кездемесин шаардан арбын алып келип алам. Ошол бир топко жетет.

Кийимди эргүү менен тикпесем ыраазы болбойм

- Негизи мен эптеп эле акча таба калайын деп тикким келбейт. Эмнегедир өзгөчөлөнтүп, чыгармачылык менен жана эргүү менен тикпесем ыраазы болбойм. Мейли жоолук болсун, баары бир өзгөчө стилди кошуп, өзүмдүн ойлоп тапканымды кошо тикпесем, жаным тынбайт. Кардарларым күткөндөн да натыйжасы абдан жакшы болуп, алар сүйүнгөнүн жашыра албай, кадимкидей билинсе, мен да ичимден өзүмө ыраазы болуп калам. Ошол тиккен кийимимди суктануу менен карап, кардардын колуна карматам.

Отуруп дагы ой келди

- Отуруп дагы ой келди. Ошол эле тойго көйнөк тиктирип жаткан жеӊелердин чачын боёп, чачын жасап, сулуулап берсемби дедим. Ошентип чачка, макияжга керектүү аспаптардын баарын сатып алдым. Анан чеберчилигимди интернеттен эле арттырып, ошол жактагы эле ар кайсы адистердин видеосун көрүп үйрөнүп, жеӊелерди тойго үйдөн эле дапдаяр, супсулуу кылып жөнөтүп жатам.

Аларга деле абдан ыӊгайлуу экен. Анткени айылда андай кызмат жок. Келиндер 30 чакырым алыс жерге, шаарга барып сулууланып келиши керек. А, мага келсе, жол кире коробойт жана арзан дагы. Ошол эле маалда шаардык чеберлерден кем калышпайм. Эӊ башкысы убакыттан да утуп жатышат.

Улам жаӊы нерсени үйрөнүп, колдон келген шыгымды өркүндөтүп, дагы да өзгөчөлүү нерселерди жасоого умтула берем. Алдыда максаттарым да чоӊ. Айылда чектелүү гана иштер менен алектенип калганыбыз туура эмес. Биз да өнүп-өсүп, айылды шаар кылып, шаарды андан да чоӊ, кооз шаар кылганга салым кошуу ар бир адамдын колунда деп ойлойм. Ар бирибиз аракет кыла берсек жана жасаган ишибизден ырахат алсак, баары жакшы болот.

Ал 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×