Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.01.2019 09:49

Караколдо согуштун акыркы ардагери Лариса Козлова каза болду (фото)

Turmush -  Каракол шаарында 10-январда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Козлова Лариса Валентиновна акыркы сапарга узатылды, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына шаар мэри Адыл Каниметов, шаар тургундары, ардагердин замандаштары катышты. Алар ардагерлер арабыздан жыл санап суюлуп жатканын айтышып, алардын мекен үчүн кылган эрдиктери эч качан унутулбай турганына белгилешти.

Л.Козлова 1922-жылдын 18-мартында туулган. Ал Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылы аттанып, 1945-жылга чейин 2- батальон аэродромунун тейлөөсүндө кызмат өтөгөн.

Л.Козлова Каракол шаарындагы акыркы ардагер болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×