Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Нарын облусуАт-Башы району 11.01.2019 09:40 Жаңыланды: 11.01.2019 18:59

Сайдын жээгинде төрөп, элдин баарын сагалаткан келин: Көп баланын киндик атасы болгон Ж.Кыдыковдун кызыктары

Turmush -  57 жаштагы Жээнбек Кыдыков Ат-Башы районунун тез жардам бөлүмүндө 34 жылдан бери эмгектенип келе жатат. Ал фельдшерлер менен бирге чакырууларга барганда бир топ кызыктуу окуялардын күбөсү жана көп жолу киндик ата болгондугун аймактык кабарчыга айтып берди.

Жунус Кыдыков Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 1961-жылы төрөлгөн. Мектепти бүтүрүп, аскерден келгенден кийин айдоочунун окуусун 6 ай окуган. Андан соң Ат-Башы айылындагы ооруканада унаа айдап 4 жыл иштеп, кийин тез жардам бөлүмүнө которулган. Андан бери 38 жыл өттү.

Ал тез жардам бөлүмүндө жумуш оор болгондугуна карабай иштеп, эң башкысы элдин батасын алууну көздөйт. Бейтаптарды көтөрүп жатып өз ден соолугуна залалы көп тиет. Анын кесепетинен бели ооруп, дарыланып да турушат. Ал фельдшерлер менен бирге ар түрдүү чакырууларга чыгып жүрүп, кайсы ооруда эмне кылса болорун билип деле калган.

Ат-Башы райондук тез жардам бөлүмүндө 4 айдоочу, 1 унаа бар.

Суунун жээгинде төрөгөн аял

- Бир жолу Ача-Кайыңды деген айылдан төрөткө чакыруу түштү. Барсак көпүрө бузук, унаа өтө албай калды. Мындан улам аркы өйүздөн келинди башка унаа менен көпүрөгө чейин алып келип, биз көпүрөнүн астына түшүп, аны жогору көтөрүп чыгыш керек болду. Келинди көтөрүп бара жатсак ошол жерден аял сайдан, суунун жээгинен төрөп салды. Элдин баары сагалап карап, аябай азап тартканбыз. Ошол жерден төрөтүп, көтөрүп чыкканбыз. Көпүрө менен сайдын аралыгы бийик болчу.

Киндик ата болуу

- Бир күнү чакыруу түштү. Ал дагы төрөт болчу. Аба ырайы дагы жаман болуп күн суук эле. Төрөчү аялды ооруканага алып келе жатканбыз. Ооруканага жетпей эле ал аял «токтот эле, токтот» деп калды. Токтоп, ошол жерден төрөткөнбүз. Фельдшерибиз баланы кармап, «киндигин кес» деп жатты, анан киндик кестик. Көп эле жолу киндик ата болуп жүрөм. Өздөрү байлап кес дейт. Алып бер деген буюмун алып берип жардамдашабыз. Кандай убакта кайсы дарыны колдонуу керектигин дагы билип деле калдым.

Жаракаты жок эле каза болгон 5 адам

- Кайсы жылдары болду билбейм, союз убагы болчу. Ат-Башыга келе жаткандагы 2 айрылышта такси бара жатып, Торугарттан келе жаткан унаа менен сүзүшүп, бир эле учурда 5 адам каза болуп калды. Жаздын күнү болчу. Баары тең эле отурган жерлеринде отурушат. Эч жеринде жаракат жок, кан акпайт, аялдардын жоолугу дагы кыйшайып койбойт. Отурган боюнча каза болушкан экен. Ортосундагы соо болуш керек деп, арткы терезесин сындыра чаап сууруп чыксак ал дагы каза болуп калыптыр. Мен үчүн ошол учур аябай таң калыштуу болду.

Ж.Кыдыков үй-бүлөлүү, 4 кыз, 1 уул жана 6 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×