Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Талас облусу, Талас 11.01.2019 09:45

Жаш талант: 16 жаштагы Улукбек бокс боюнча чет өлкөлөрдөгү мелдештерде да ийгиликтерди жарата баштады (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 16 жаштагы тургуну Искендер уулу Улукбек бокс боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы жаш мушкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда мектепте 10-класста окуп жатат.

«3 жылдан бери бокс менен машыгып келем. Аны менен бирге көптөгөн турнир, мелдештер катышып, ийгиликтерди жаратып жүрөм. Өзүм сыналгыдан көрүп эле мушкерликке болгон кызыгуум күч алган. Азыркы учурда Раяпбаев Нурлан агайдын жардамы менен мушкерликтин ыкмаларын үйрөнүп жатам. Ийгиликтеримдин себепчиси Нурлан агайым десем болот. Режими менен тамактанып, машыгууну калтырбай жүрөм. Машыктыруучу агайыбыз бардык иш-аракетибизге көз салып, көзөмөлдөп келет. Сабактарыбызды сурап турат. «1-орунга билимди коюп, сабактан жакшы окугула» деп айтат. «Көчөгө чыкпагыла, сөгүнбөгүлө» деп жакшы жакка тарбиялайт. Сүйлөгөн сөзүбүздү дагы оңдоп, маданияттуулукка үйрөтүп турат.

Алгачкы турнирде байгелүү орунга жетпей калгам. Ошондон машыгуумду күчөтүп, азыр ийгиликтер менен келе жатам. Облустар аралык турнирлерден 2-3-орундарга ээ болдум. Казакстанда Тараз шаарында Нурлан Эбишевдин элесине арналган эл аралык турнирге катышып, 2- орунга татыгам. Ага Россиядан дагы мыкты мушкерлер катышкан. 23-февралга карата Жайыл районунда Жайыл баатырдын элесине арналган турнирге өзүмдөн 2 жаш улуулар менен күч сынашып, 3-орунду алгам. Казакстанга бир нече ирет барып, куру кол кайткан жокмун. 2018-жылы Россиянын Оренбург шаарындагы турнирге катышып, 3-орунду камсыздап келдим. Ушул жылдын күз айларында М.Мураталиевдин элесине арналган тирнирде «Эң жаш боксчу» деген кубок алдым. 2018-жылдын декабрь айында «Жылдын мыкты спортчу окуучусу» деген номинацияга ээ болдум.

Атам Токтогулов Искендер, апам Кенчимова Элмира мени колдоп келишет. Келечекте Флойд Мейвезердей мыкты мушкер болууну каалайм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле спорттогу кызыктуу учурду эскерди.

«Россияга турнирге барып, поезд менен кайтып келгенбиз. Ошондо спотчулардын бирөөсүнө ошол жактагы досу 6 айлык 2 тайган күчүктөрдү берген. Аларды кезектешип карап келгенбиз. Станцияга токтогон сайын күчүктөрдү дагы чыгарып, кайра киргизип чоң машыгуу болгон (күлүп).

Мектептен 4-5 деген бааларга окуйм. Бир тууган акем дагы бокска кызыгат. Экөөбүз көбүнчө бир учурда залга барып машыгып турабыз. Өзүмдүн классташ балдарымдан дагы кызыккандар бар. «Сени менен бирге барсак үйрөтөсүңбү?» деп калышат. Жардамымды аябайм. Коңшу балдар дагы мени менен чогуу залга барып, машыгып турушат. Боксту таштабай спорт чебери болуу үчүн норматив толтуруп, олимпиада чемпиону болсом дейм. Жогорку окуу жайга тапшырып, өндөмүмө жараша бир кесиптин ээси болуп, ата-энемдин эмгегин актасам деген үмүтүм бар», - деди Улукбек.

Мушкер жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×