Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Нарын облусуЖумгал району 10.01.2019 15:09

Түкүрүк, тамеки чегүү... Жумгалдагы элге жаңы мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Turmush -  Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган Бузуулар, Жоруктар, Кылмыш-Жаза жана Жазык-Процесстик, Жазык-Аткаруу жөнүндөгү кодекстеринин ишке ашырылышы, аткарылышы жана башка өзгөчөлүктөрү тууралуу Жумгал районунун жергиликтүү тургундарынын арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, 2019-жылдын 8-январынан тартып Жумгал районунун акими А.Сапаров, Жумгал районунун прокурору Т.Койчуман уулу, Жумгал РИИБдин башчысы Ж.Ашыралиевдер Жумгал районундагы айылдарда бекитилген графикке ылайык жолугушууларды башташты.

Жолугушууда орган кызматкерлери тарабынан жаңы кабыл алынган Бузуулар, Жоруктар, Кылмыш-Жаза жана Жазык-Процесстик, Жазык-Аткаруу жөнүндөгү кодекстеринин ишке ашырылышы жана аткарылышы айтылып, жаңы мыйзамда атуулдарды гуманизм, ресоциализацияга (адамды жаңы коомго кайрадан көндүрүү) тарбиялоо, аларды коомдун алдында жоопкерчилигин арттыруу каралгандыгы белгиленди. Ошондой эле, жеңил түрдөгү тартип бузуп, мыйзамдардын талаптарын сактабаган адамдарды камакка алып, жазага тартып, келечегине жана үй-бүлөсүнө оор кесепеттерди тийгизбеш үчүн жеңилдиктер каралгандыгы айтылды.

Мындан сырткары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, башкача айтканда укук коргоо органдарында арыз жана башка билдирүүлөр боюнча электрондук системада каттоо жүргүзүлүп баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×