Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Нарын облусу, Нарын 10.01.2019 13:15

Бала тили — бал: Алар аз акча берсең камайт, көп берсең чыгарат, - 5 жаштагы Үмүт

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз Нарын шаарындагы №15 «Бактылуу балалык» бала бакчасына барган 5 жаштагы Үмүт Шүкүрбекова.

- Атың ким?

- Үмүт.

- Канча жаштасың?

- 10 (колу менен көргөзүп).

- 10 жаштасыңбы?

- Ийи.

- Санаганды билесиңби?

- Оба жетиге чейин билем го. 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9, 23, 25, 36, 30 ууф бүттү.

- Сен чоңойгондо ким болосуң?

- Аделя болом.

- Үмүт болсоң кантип Аделя болосуң?

- Мага Аделя деген жагат Үмүт жакпайт мага (аты).

- Апаң каякта иштейт?

- Жумушта иштейт.

- Сени үйдөн ким урушат?

- Мен тентек кылганда атам «тур кет, жогол» деп уршат. Аан мен ыйлайм.

- Сени эмне деп эркелетишет?

- Апаң экөөбүз бир-бирибизди жаным деп эркелетебиз.

- Мугалимдер эмне кылышат?

- Жаткызат уршат.

- Кимди урушат?

- Бизди.

- Милициялар эмне кылышат?

- Атамды кармайт.

- Эмнеге?

- Атам жолдон кетип бартса кармайт аан атам паспорт берип чыгып кетет.

- Сен чоңойгондо милиция болгуң келеби?

- Жок алар жаман түрмөгө камайт.

- Эмнеге камайт алар?

- Аз акча берсең камайт көп берсең чыгарат.

- Аны сага ким айтты?

- Атам.

- Журналисттер эмне кылышат?

- Алар бир нерсе издейт.

- Юрист деген ким?

- Аял юрист чачын өрөт, эркектери чачын кыркат. Директалар (директор) баш жууйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×