Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Талас облусу, Талас 09.01.2019 16:23 На русском

Таласта кызганычтан улам 3 бала төрөп берген аялын бычактап салган адам 12 жылга камалды

Turmush -  Талас шаардык соту аялын бычактап өлтүрдү деп шектелген адамды 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка айыпталган Н.Ж.га КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүгү (киши өлтүрүү) менен айып тагылган. Анын кылмыш иши 2018-жылдын 23-ноябрында Талас шаардык сотуна кароого келип түшкөн. Талас шаардык сотунун 2018-жылдын 20-декабрындагы өкүмү менен Н.Ж. күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылды. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин негизинде алдын ала камакта отурган 1 күнү түзөтүү абагынан 2 күн жазасына эсептелинип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленди. Бөгөт коюу чарасы камакка калтырылган.

Аталган өкүмгө карата соттолуучу Н.Ж.нын апелляциялык даттануусу келтирилип, кылмыш иш 2019-жылдын 8-январында Талас облустук сотуна жөнөтүлдү.

Окуя тууралуу:

23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келин бычакталып мерт болгон. Маалыматка караганда, окуя түндө болгон. Келиндин денесине бир нече жолу бычак сайылып, ооруканага жетпей каза болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, анын жолдошу экөөнүн ортосунда 3 баласы бар.

Талас ОИИБдин маалыматына караганда, саат 20:00 чамасында милицияга Талас шаарынын тургуну кайрылып, анын 1993-жылы туулган А.Ж. аттуу кызын белгисиз адам бычактап өлтүргөндүгүн билдирген.

Ал эми кошуналарынын айтымында, каза болгон келин Талас шаарында көп кабаттуу жатаканалардын биринде апасы менен жашачу.

Кылмышка шектелип күйөөсү кармалды:

25-сентябрда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы келиндин өлтүрүлүшүнө шектелип, 34 жаштагы жолдошу кармалгандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, келин буга чейин жолдошу менен Бишкекте жашагандыгы такталган. Бирок ал 1 айга жакын убакыт мурда күйөөсү менен ажырашып, Таласка апасына баса берген. Күйөөсү анын артынан келген. Бирок экөөнүн ортосунда чатак чыгып, урушуп кетип, аны бычак менен сайып салган.

Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышка күйөөнүн кызганычы себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×