Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Баткен облусу, Баткен 11.01.2019 09:15

2000 эчки, тыбыттан түшкөн киреше: Баткендеги эң чоң эчки чарба СССР учурунан бери сакталып келе жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы «Тегирмен-Башы» чарбасындагы тыбыттуу эчкилердин саны 2 миңге жетти. Бул тууралуу чарбанын башчысы Калыбай Амиракулов билдирди.

Маалым болгондой, тыбыттуу эчкилер союз мезгилиндеги «Ак-Сай» совхозунан бери келе жатат. Алгач бул жерде 4200 баш эчки болгон. Кийин менчиктештирүү учурунда колхоздордун малы элге таратылган. Ошол учурда Кызыл-Жол кварталынын тургундары малды таратпай сактап калган. Бирок эчкилер азайып отуруп, миңге жакын гана баш калган. Акыркы 2 жылда кайра көбөйтүлүп отуруп, азыр 2 миңге жакын эчки болду. Аларды багуу менен 14 адам эмгектенет. Мында жылына 500 кг жакын тыбыт алынып, алар базар баасында сатылат. Мындагы чоң эчкилерден 350 грамм, улактарынан 180 грамм тыбыт алынат. 2018-жылы тыбыттын 1 кг 1750 сомдон сатылып, 500 миң сомдон ашык киреше табышты.

«1995-жылы өлкө башчысынын атайын указы менен элге кайра бөлүштүрүү башталган убакта жергиликтүү тургундар бул мал чарбаны таратуу эмес, сактап калуу маселесин көтөрүшкөн. Андан кийин «Тегирмен-Башы» эчки чарбасы болуп түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин ошол бойдон сакталып келе жатат. Шаардык мэриядан 38 гектар жер берилген. Ал жер иштетилип, эчкилерге тоют, дан өндүрүлөт. Жер үчүн болгону салык эле төлөйбүз», - деди Амиракулов.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов тыбытты кайра иштетүүчү ишканаларды табуу аракеттери көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Тегирмен-Башы» эчки чарбасы шаардагы эң чоң мал чарба болуп эсептелет. Андан сырткары шаарда 10го жакын жеке мал чарбалар бар. Бүгүнкү күндө алар менен тыгыз иштешип, учурда тыбытты кайра иштетүүчү ишканаларды табуу аракеттери көрүлүп жатат», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×