Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Талас облусу, Талас 10.01.2019 09:09

Эшиктерди талкалап, сейфти ачып: Талас шаарында мамлекеттик 2 ишканага ууру кирди

Turmush -  Талас шаарында «Таза суу» ишканасы менен Талас шаардык коммуналдык чарба ишканасына ууру кирди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Талас шаардык коммуналдык чарба ишканасынын жетекчиси Эркин Аскаровдун айтымында, уруу сейфти жараксыз кылып таштап кеткен.

«4-январдан 5-январга караган түнү биздин имаратка ууру кирген. Бардык кабинеттердин эшиктерин талкалап, сейфтерди ачып, ичтерин чачып кетишкен. Бизден флешкаларды, АДНС программанын ачкычын алышкан экен. Менин иш бөлмөмдөгү сейфти эшикке алып чыгып талкалап, жараксыз абалда таштап кетишиптир», - деди ал.

Ал эми «Таза суу» ишканасынын жетекчиси Эркинбек Камчыбеков мекемеге ууру 1-январь күнү киргендигин белгиледи.

«Биз ууру киргенин 2-январь күнү эртең менен көрдүк. Бизден бир ноутбукту алып кетишкен экен», - деди ал.

2 ишкана тең бул факты боюнча милицияга арыз жазганы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×