Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Нарын облусуАт-Башы району 20.01.2019 16:04

Айыл турмушу: Шырдактары Европага чейин сатылган жалгыз бой эненин ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 44 жаштагы тургуну Ишенбүбү Тоюнбаева кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган эмгектерин чет элдик меймандар баалап алып кетишет. Ал буга чейин курут цехин дагы иштеткен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Нарын шаарындагы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин балдарды мектепке чейин даярдоо бөлүмүн сырттан окуп жатам. Буюрса быйыл окуумду аяктайм. 1 жылдан бери айылыбыздагы бала бакчада тарбиячынын жардамчысы болуп эмгектенем. Буга чейин 1999-жылдары соода-сатык менен алектенип, жолдошум экөөбүз Кытайга чейин каттачубуз. Бул жакта жумуш жоктугуна байланыштуу башкалардай эле Россияга дагы барып иштеп, Ат-Башы айылынан үй алдык», - деди ал.

Кийин Ишенбүбү Тоюнбаева курут цехин ачкан.

«Атайын долбоор менен курут цехин 2016-жылдан 2017-жылга чейин иштетип, кол өнөрчүлүк менен да алектенгендиктен жетишпей жабылып калды. Алдыда аны кайрадан иштетейин деп жатам. Ал эми кол өнөрчүлүккө кичинекей кезимден бери кызыгып, апамдан үйрөнгөм. Ал кезде баарыбыз эле сайма сайып, шырдак жасап күнүбүздү өткөрөр элек. Азыркы тапта үйрөнгөнүмдүн үзүрүн көрүп, 2 жылдан бери жасаган кол эмгектеримди көргөзмө, фестивалдарга алып чыгам. Буйрутмаларды алып, кардарлардын табитиндегидей жасап, кошумча киреше таап келем. Биз жакта көбү эле шырдак жасашат. Алардыкына окшобой, өзгөчө болсун деп ар дайым изденүүнүн үстүндөмүн. Үйдөн эле жасайм. Бирок жалгыз жетишпегендиктен 5 кыз алып, аларды жумуш менен камсыздайм. Шырдактын түрүн, унаага салынуучу төшөктөрдү жана кыздын себин башынан аягына чейин жасайбыз. Аларды Италия, Россия, Германия, Белоруссиядан келген коноктор алып кетишет. Ошондой эле айылдагы кызыккан кыз-келиндерге дагы үйрөтөм», - деди ал.

Ууз айымдын 1 кыз, 3 уулу бар. Жолдошу Рахатбек Салиев мындан 2 жыл мурун көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×