Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Нарын облусуКочкор району 09.01.2019 14:56 На русском

Өзгөчө ысым: Нурперизатханбүбүгүлжандын аты паспортко батпай, кыскартып жазышкан (сүрөт)

Turmush -  «Өзгөчө ысымдар» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Кочкор районунун 36 жаштагы тургуну Беккелди кызы Нурперизатханбүбүгүлжан. Ал ысымы паспортко батпай калганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Өзгөчө ысымдуу айым Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде билим алып, эсепчи кесибине ээ болгон.

«Нарын шаарында төрөлүп, Сокулукта өскөм. Биз беш бир тууганбыз. Бактыгүл, Чынара, Жеңишбек жана Жаныбек аттуу бир туугандарым бар. Атам 9 кыздын арасында жалгыз уул болгон. Апам 12 бир тууган болсо, алардын экөө гана уул болуптур. Эки эжем, андан кийин мен төрөлгөм. Атам атайын ырым кылып, жалаң кыздар болбосун деп мага ушундай ысымды ыйгарган экен. Атым узун болгондуктан баары кыскартып айтышат. Ал эми Кочкорго келин болгондон бери Нурпери деп эле аташат. Классташтарым, досторум Нурперизат деп аташчу. Бирөөлөр менен таанышып калсам атымды кыскартып айтам. Документимди көргөн адамдар, өзгөчө паспорт иши менен алектенгендер "чубалжытып эмне мынча узун койгон" деп айта беришет. Атым паспортко жазыларда батпай калып, хан жана жан деген жерин алып салышкан. Жумушка кирип жатканда да ысымымдын пайдасы тийди. Атымды көрүп эле жумушка алышты, ал жерде көпкө иштедим», - деди ал.

Нурперизатханбүбүгүлжан айымдын айтымында, жолдошу анын ысымын биринчи укканда таң калып, айта алчу эмес. Ал аты менен кайын журтун да таң калтырган.

«Биздин үйлөнүү той өтүп, никени мыйзамдаштырып жатканда улам-улам атымды туура эмес айтып, 3 жолу чакырышкан. Биз 2008-жылы 8-август күнү (08.08.08) үйлөнгөнбүз. Ал күнү киши көп болуп, шашып адашып чакыра беришкен экен. Жаңы келин болгондо атымды угуп, мени көргөнү көп киши келген. Теңтуштар кээде атымдын аягынан, кээде башынан айтып чакырышат. Негизи эле беш аттын бирөөсүн колдонушат. Атам тирүү болгондо уулума башкача ат коймок болуш керек деп ойлойм. Анткени "сенин балаң төрөлсө өзгөчө ат коем" деп айтчу. Атам мен турмушка чыга электе каза болуп калды. Өзүм да дагы эркек балалуу же неберелүү болсом, өзгөчө ысым ыйгарууну ойлоп жатам.

Меникиндей ат дагы бар. Атамдын Алмаз аттуу досу биздин айылга милиционер болуп келип, кыздуу болгон. Ал кызына меникиндей ысым ыйгарам деп айткан. Биз көчүп кетип, аяш атам каза болуп калды», - деди ал.

Беккелди кызы Нурперизатханбүбүгүлжан буга чейин Социалдык фонддун Кочкордогу бөлүмүндө эмгектенген. Учурда балдарын тарбиялоо менен алек. Ал 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×