Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусуЖумгал району 08.01.2019 18:38 На русском

Пара менен кармалганда инфаркт болгон Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна сот өкүмү чыкты

Turmush -  Жумгал райондук соту Нарын облусунун Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.А.нын кылмыш иши боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу 2018-жылдын 28-декабрында чыккан токтомунда айтылат.

М.А. Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору болуп иштеп жатканда 2018-жылдын 5-февралындагы буйрук менен аталган үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу Өрнөк айылындагы ФАПка медайым кызматына Наргизаны (аты өзгөртүлдү Н.к.К.) кабыл алган. 2018-жылдын апрель айында Наргиза өзүнүн отчетторуна кол койдуруу үчүн үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна кирген. Бул учурда М.А. аны медайым кызматына жумушка кабыл алгандыгы үчүн дарыгерлердин майрамына бир кой же бир эркеч берүүнү талап кылган. Июль айынын башында М.А. өз иш бөлмөсүндө Өрнөк айылындагы ФАПта тиш дарыгери болуп иштеген А.М.га Айнурадан бир кой ала кел деп айткан.

2018-жылдын 11-июлунда Айнурадан А.М. аркылуу «Ауди» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде 7000 сом акча каражатын алып жаткан мезгилде кармалган.

Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) менен айыпталып, иш сотко берилген.

Соттук териштирүүдө соттолуучу Азамат күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, Наргизадан кой же акча бер деп талап кылбагандыгын, ал өзү жумушка киргендигин майлап берейин дегендигин айтты. Мындан улам ала кел деп табыштагандыгын, ал акчаны бергенде койдун акчасын берип жатат го деп ойлогондугун билдирип, терең өкүнүү менен кечирим сурап, жаза чектөөдө жашын жана ден соолугун эске алууну өтүндү.

Күбө Наргиза 2018-жылдын 5-февралында Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу Өрнөк айылындагы ФАПка медайым кызматына жумушка орношкондугун, ушул эле жылдын март айынын аягында отчет тапшыруу үчүн директорго кирген учурда ал дарыгерлердин майрамына кой же эркеч берүүсүн айткандыгын билдирди. Кийинки айда келгенде бир койду дастаркону менен берүүнү, андан кийин койдун ордуна 7000 сом берүүнү сурагандыктан ал арыз менен укук коргоо органдарына кайрылгандыгын, атайын жүргүзүлгөн оперативдик иш-чаранын алкагында М.А. кармалгандыгын айтты.

Күбө А.М. Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу Өрнөк айылындагы ФАПта тиш доктур болуп иштерин, ага Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.А. Наргизадан бир кой ала келүүсүн айткандыгын билдирди. Андан соң, Наргиза ага 7000 сомду берүү учурунда аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап калышкан. М.А. ал акчаны соттолуучуга бере турганын айтып, акчаны директорго берип жаткан учурда М.А.ны кармашкандыгын көрсөттү.

Сот жыйынтыгында М.А.ны күнөөлүү деп таап, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү менен 2 000 000 сом айып (20 000 эсептик көрсөткүч) салды.

Өкүмгө нааразы тарап 10 күн ичинде Нарын облустук сотуна апелляциялык тартипте даттана алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×