Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Талас облусуКара-Буура району 08.01.2019 12:30

Айыл турмушу: Кара-бууралык көк бөрүчү Ж.Шатманов цех ачып, жылкы багып, дыйканчылык менен да алектенет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынын 39 жаштагы тургуну Жакып Шатманов пескоблок чыгаруучу цех ачып, 3 адамды жумуш орду менен камсыздап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алардын баасы цементтин баасына жараша болот.

«ЗИЛ унаасы менен алынып келген кумдан 400 даана пескоблок даярдалат. 3 кап цемент кетет. Пескоблокторду айыл ичинен сатып алып кетишет. Убагында кызыл жана башка өңдөгү пескоблокторду чыгарганбыз. Азыркы кезде боз өңдөгүгө басым коюп калдык. Эл дагы ушул өңүнө буйрутма беришет. Негизи өзүбүздүн кашарга, айылдагы үйдүн тегерегин курчаганга деп пландаганбыз. Баарын эсептеп көрсөк даярдай турган жабдыктын баасы чыгып калат экен. Андыктан аралаштыргычы жана калыпка салып даярдоочу жабдыгын алгам. Башында станоктун кытай кожоюну өзү келип, 3 күн жүрүп, пайдаланууну үйрөтүп кеткен. Баштаганда кыйынчылыктар болгон. Алгач бир жолго түшкөнчө кыйшык чыгып, сынгандары көп болду. Бардык жумуш кол менен аткарылат. Кийинчерээк 3 баланы жумуш орду менен камсыз кылдым. Иштеген ишке жараша маяна алышат. 2 күндө 400 пескоблок даярдап коебуз. Сапатына жараша баа коюлуп сатылат. Жылына туруктуу баа болбойт. Цементтин баасына көз каранды. 20-23 сомго чейин сатылат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле көк бөрүнүн ышкыбозу экендигин кошумчалады.

« 2 үйүр жылкы багам. Анын ичинен көк бөрүгө деп өзүнчө таптаган атым бар. Аны менен көк бөрү ойноп келем. Атты өзүм багып карайм. 3 ай мурда колумду сындырып алдым. Буйруса айыкса эле кайра көк бөрү ойноп, командамдын катарын толуктайм. Буга чейин мурдум сынган, буттарым жабыркаган. Бирок ага карабай 2007-жылдан бери ойноп келем. Көк бөрү менен чектелип калбайм. Волейбол, футбол ойноп, айыл ичиндеги командабыздын намысын коргоп жүрөм», - деди ал.

Жакып мырза бир туугандары менен чогуу фермерлик дагы кыла тургандыгын белгиледи.

«Өзүм 7 бир туугандын кичүүсүмүн. 2000-жылдан бери фермерчилик кылып жүрөбүз. Бир тууган акем жана акемдин баласы болуп техникаларды иштетебиз. Чарбага керектүү техниканын бардык түрлөрү бар. Элдин талааларын шарттарына карап бекер айдап, төө буурчак жыйноо мезгилинде чаап беребиз. Акыга деп бергенин гана алып же батасын алып, жардам берип келебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×