Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Нарын облусу, Нарын 04.01.2019 09:46

Айыл турмушу: Учурда телевидениенин актуалдуулугу азайып баратат, - журналист Б.Калыков (сүрөт)

Turmush -  62 жаштагы журналист Бейшенбек Калыков 39 жылдык өмүрүн телерадио тармагына арнап, маданияттын мыкты кызматкери аталды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бейшенбек Калыков 1956-жылы Ат-Башы районундагы Казыбек айылында малчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1973-жылы ушул эле айылдагы мектепти аяктап, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде билим алып баштаган. Эмгек жолун КТРКда баштап, учурда ЭЛТР телерадиокомпаниясында түз эфирлерде алып баруучу, баяндамачы болуп эмгектенет.

Ал бала кезинен география сабагына жакын болуп, окуу жайдан да география бөлүмүн тандап, бирок өтпөй калып, 2 жыл дегенде журналистика факультетине тапшырган. Бирок бул кесипти аркалаганына өкүнбөйт, экинчи өмүр берилсе кайрадан эле ушул кесипти тандарын айтат. Ал Нарын облусунун, Ат-Башы районунун, Казыбек айылынын «Ардактуу атуулу» наамдарына ээ.

39 жыл телерадио тармагында кызмат кылуу

1979-жылы университетте 5-курста окуп жатканда Кыргыз ССРнин радио уктуруу жана телекөрсөтүү мамлекеттик комитетинин (азыркы КТРК) балдар редакциясы кызматка кабыл алышты. Ошондой эле «Жаш тилек» радиожурналдын редакциясында да иштеп баштадым. Биздин редактор — устатым, окутуучум Аман Нааматович 1981-жылы программа алып барууну сунуштады. Биринчи эфирге чыгарышты, ийгиликтүү алып бардым. Ошондон кийин телевидениеге которушту. Андан кийин жаштар редакциясында комментатор, балдар редакциясынын бөлүм башчысы, жаштар жана балдар телекөрсөтүүлөрү боюнча башкы редакцияда башкы редактор, 1990-1993-жылдары «Ала-Тоо» маалымат редакциясынын баяндамачысы, башкы редактордун орун басары болдум. Ал жерден кайра 1995-жылы балдар үчүн көрсөтүүлөрдүн башкы редакциясына башкы редактор кылып которушту. Кайра «Замана» редакциясына баяндамачы болуп, «Жашоо факт» деген программаны түздүм.

Андан соң Жалал-Абад облустук телерадиоберүү компаниясына директор болуп кеттим. 2006-жылы январда Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына башкы редактор болуп келип, 2017-жылдын февраль айына чейин 11 жыл кызмат кылдым. Жалпы телерадио тармагында эмгектенгениме 39 жыл болду. Кийин ЭЛТР телерадиокомпаниясынын «Илим билим» деген экинчи каналына директор болуп дайындалдым. Азыр ошол эле компанияда түз эфирлерди алып барып, баяндамачы болуп иштеп жатам.

Кокустан журналистика тармагына келип калуу

Журналистика тармагында иштөө капарымда деле жок эле. Ата-энем улгайган, карапайым кишилер болгондуктан мендеги жөндөмдү карап багыт деле беришкен эмес экен. Мен өзүм адабият китептерди окуп жүрдүм. Совет учурунун жакшы нерсеси дүйнөдө кандай делген мыкты адабияттын үлгүсү чыкса, ошонун баардыгы кыргызчага которулуп, таркатылчу. География сабагына өтө кызыкчу элем, башында география факультетине барып, сынактан өтө албай калгам. Кийинки жылы дагы барып, 3-жыл дегенде журналистика факультетине өткөм.

Телевидениенин актуалдуулугу азайып бара жатат

Глобалдашуу келип, коммуникациянын байланыш технологиясы, маалымат таратуунун технологиясы укмуштай дүркүрөп өнүгүп жатканда журналистика жок болбойт. Маалымат таратуу кызматынын өзү жок болбойт. Бирок улам башка түрүнө алмашып, журналистика жашай берет. Кыргыз журналистикасында телевидение чыкканда радионун актуалдуулугу, радио чыкканда гезиттин актуалдуулугу кичине азайып келе жатат. Азыр мына интернет чыкканда телевидениенин актуалдуулугу азайып бара жатат. Ал эми журналисттер абдан изденип иштегенге, жаңы технологиялар менен дайыма кабардар болуп турууга, маалыматы менен элдин көңүлүн бурдурууга аракет кылышы керек. Болбосо медиа айдыңында жашап калуу, элди кызыктыруу, тартуу улам кыйындап бара жатат. Журналистикага баары ыңгайлашкан. Мисалы, блоггерлер, WhatsApp менен сүйлөшүп жаткан достор да кайсы бир деңгээлде журналисттер. Фейсбукта жүрүп жаткан талкуулар да журналистиканын бөлүгү, бир түрү.

Нарын телевидениесине салым кошуу

50 жашка чыкканда Нарынга келдим. Телерадио тармагында тажрыйбам бышып жетилип, жетекчилик кылдым. Нарын телевидениесинин көрүүчүлөрү, жамааты деле калп айттырбайт болуш керек. Биринчи делген нерселерди жасап, биринчи жолу өзүбүздүн берүүбүзгө ээ болдук. Күнүгө эфирге чыга баштадык, биринчи жолу 24 саат эфирге чыктык. Редакцияларга бөлүнүп иштеп, жаңы ыкмаларды үйрөндүк.

Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет

Журналистика — менин бүт өмүрүм. Журналистика мени элге таанытса, журналистика мага элди таанытты. Ойду чачып жибербей чогултуп ойлонууну, башкы айтар сөздү майда-чүйдө сөздөргө тебелетип жибербей, эң башкысын бөлүп алууну үйрөттү. Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет дегендей республиканын бардык тарабын, башка өлкөлөрдү кыдырып, дүйнө таанымымды кеңейттим. Журналистика мага көп нерсе берди. Экинчи өмүр берилсе кайрадан эле журналистика тармагын тандамакмын.

Б.Калыков үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыз жана 7 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×