Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Чүй облусуПанфилов району 09.01.2019 22:18

Айыл турмушу: Элге жаңылык жеткирген Нургүл Мамытова «Подписка эже» атка конгон (сүрөт)

Turmush -  Жумасына 5 миңден ашуун гезит-журналдарды бөлүштүрүп, «Подписка эже» атка конгон 58 жаштагы Нургүл Мамытова Чүй облусунун Кайыңды шаарынын тургуну. Ал «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Жайыл райондук филиалынын жазылуу бөлүмүндө эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бүт жүрөктү элжиреткен бажырайган балалык, бул жашоодо бар жакшылык бир өзүңдөн жаралып...» деген ыр түрмөктү жашоосунда туу туткан Нургүл Мамытова айылга барган сайын балалыгын, жаштыгын издейт. Анын кичи мекени Панфилов районундагы Тельман айылы. Ал аргасыздан жердеши Алыкулдун «адамдын акыл-эсин камчыланып, замана кайда зуулдап баратасың» деген саптары эсине түшүрөт. «Алыкулдун айылынан жолугалы» дешип, курбулары, классташтары менен коштошкон күндөрүн көз алдына тартат. Жан-дүйнөсүн, өмүр эргүүсүн «Өмүр» аттуу ырга байлайт. Ушул ыр Нургүл үчүн жаралып калгандай жүрөгүндө уюлдай уюп, көңүлүндө кут болуп түйүлөт.

«Мага бардык ырлар бирдей туюлат эле. Кийинчерээк "Өмүр" ыры мендик болуп калды, дайыма ырдайм. Өзгөчө "тээ алыста ак жоолугун булгалап, артта калды айланайын балачак" деген саптарын кайра-кайра кайталап, үнүмдү бийиктетип да коём. Ооба, балалыгым ушул Тельманда өттү.

Биз 11 бир тууганбыз. Атам Кенжекулдун агасы Урмамбеттин колунда өстүм, жетилдим. Ал мени 9 айымдан баштап багып алып, тарбия-таалим берди. Көрсө, балалуу болбой мени, дагы бир байкебиздин уулу Калыбекти багып алыптыр. Урмамбет атабыз айылдын ардактуу адамы эле. Кушчу уурусунан чыккан жетик, сөзгө чебер, колунан берек, куту төгүлгөн адам болгон. Багбанчылык өнөрдү айылдаштары ошондон үйрөнгөн шекилдүү. 3 гектар жердеги алма багы айылды алма жытына бөлөп турар эле. Алма гүлдөгөндөн баштап бышканга чейин ар убак аралай басып суктанчумун. Кээде айрым түптөрүн өздүк кылып, бор менен «Н» деп белгилеп да койчумун. Ошондо Калыбек «Н+...» деп түрдүү тамгаларды улап, тамашалап чарчатчу. Жиним келгенде аны бак аралата кууп кетчүмүн.

Балалыгым бактылуу күндөрдө өттү. Айылга келген сайын ошол кезимди, балалык, жаштык изимди издейм. Келбей калсам кадимкидей сагынам. Роза, Гүлгакы жана башка курбуларымдын кылык-жоруктарын эстеп, каткырып өзүмчө күлсөм, 10 жаштагы неберем Дастан да күлүп коёт. Андан эмнеге күлүп жатканын сурасам, "сизге күлүп жатам" деп каткырат. Баса, аны "кичинекей классташым" деп коём. Музыкалык мектептин комуз классына бирге барабыз. Алып барып, күтүп туруп, кайра үйгө келебиз. Мен да комуз үйрөнсөмбү деп коём», - деди ал.

Таңдан кечке Жайыл, Панфилов райондорунун 45 байланыш бөлүмүнө гезит-журнал бөлүштүрүп, чарчоону билбеген Н.Мамытова кесиптештери менен сыймыктанат. Устаты Гуля Чыналиеванын «ар бир жумуштун оору, жеңили болот. Негизгиси туура пландаштырсаң иш ыргагы жемиштүү жүрөт» деген сөзү дил азыктай денесине сиңет. Кесиптештери Гүлбайра, Сонункан, Зубайда кеп-кеңешчиси, сырдашы. Ал эми жаштар Нургиза, Гүлаим, Жылдыз, Рахат оорун колдон, жеңилин жерден алган жардамчылары.

Н.Мамытова: «Биздин мекеме — жаңылыктын жарчысынын очогу. Сыртынан караганда келген гезит-журналдарды бөлүп, таркатып коюудай эле сезилет. Бирок, анын түмөн түйшүгү көп кырдуу. Кат-кабарларды жана башкаларды тапшыруу жоопкерчиликти талап кылат. Жаңы жылда жамаатыма ийгилик каалайм», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×