Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусуАт-Башы району 05.01.2019 20:11

«Мекендештер»: Ашпозчу Таалайбек Бабаев жасаган тамактан президенттер даам таткан (сүрөт)

Turmush -  51 жаштагы Таалайбек Бабаев 30 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенет. Ал жасаган тамак-аштан Борис Ельцин, Нурсултан Назарбаев, Аскар Акаев даам татканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Көп жылдык тажрыйбага ээ ашпозчу Япониянын, Италиянын, Европанын жана улуттук ашкананы мыкты өздөштүргөн. Ал учурда Россиянын Москва шаарындагы ресторандардын биринде эмгектенет. Ал апасынын сунушу менен ашпозчу болгон.

«1-класска кире электе атам каза болуп, апам төрт баласы менен жалгыз калган. Апам бизди жалгыз тарбиялап чоңойтту. Биз жалаң уул балдар элек. Апам биз чоңоюп калганда экинчи жолу турмуш курду. Ал жолдошунан 3 кыз, 9 уул төрөп, жалпы 15 бир тууган болдук. Бешөө кичинекей кезинде эле каза болуп калган. Апам 10 баланы чоңойтту. Мен 5-класска чейин мектеп-интернатта окуп, андан соң Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебин аяктадым.

Кичинекей кезимде апам тамак жасап жатса жардамдашчумун. Ал кызыгып жатканымды байкап, мага үйрөтчү. Кийинчерээк апамды отургузуп коюп, өзүм жасап баштадым. Ошентип тамак жасаганды үйрөнүп алдым. Апам абдан мактап жечү же менин көңүлүмө карап койчу беле билбейм. Үйдө кыз жок, жалаң эркек балдар болгондуктан үй жумуштарынын баарын жасаганды үйрөнүп калгам. Менин мындай деңгээлге жетишиме апам себепкер десем болот. Биринчи устатым, менин башкы ашпозчум апам болгон», - дейт ал.

Таалайбек Бабаевдин айтымында, дене тарбиячы болууну кыялданчу.

«Негизи спортко да кызыгам. Мектепте окуп жүргөндөн баштап эркин күрөш менен машыктым. Мектепти аяктагандан кийин педагогикалык институтка тапшырсам деген оюм бар болчу. Апам "эгерде окууга өтпөй калсаң, ашпозчу бол" деп айтты. Окуу жайга тапшырып жатканда медициналык комиссиядан өтпөй калдым. Ойлогон оюм ишке ашпай, берген убадамды аткарып, апам айткан окууга тапшырдым. 1985-жылы Пржевальск (азыркы Каракол шаары) шаарындагы техникалык окуу жайга тапшырып, ашпозчу болдум. 1987-жылы окууну аяктап, ошол эле жылдан баштап 1989-жылга чейин советтик армияда кызмат өтөдүм», - деди ашпозчу.

10 жылдан бери Москва шаарында иштеп жаткан Таалайбек Бабаев башкы ашпозчу болуу үчүн өзгөчө сапаттарга ээ болуу керектигин айтат.

«Союз учурунда да ашпозчу болуп иштедим. 2008-жылы Москага келип, кайра эле ашпозчу болуп жумушка кирдим. Кесибимди сүйөм, өзүмө жагат. Учурда Еропанын тамактары жасалуучу ресторандардын биринде иштейм. Ар бир тамакка мээрим кошуп жасаса даамдуу болот. Тамак салып берген табак бош келсе, ашпозчу үчүн чоң бакыт. Бул тамак конокторго жакканынын белгиси. Кээде тамактарды кайтарып беришет. Андай учурда жөн гана алмаштырып беребиз», - деди Бабаев.

Мекендешибиз жасаган тамактан белгилүү адамдар даам таткан.

«Нарын облусунун администрациясынын ашканасында иштеп жүргөндө мен жасаган тамактан атактуу адамдар даам сызышкан. Алардын арасында Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин, эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Ирандын ошол кездеги президенти да бар.

Бизде кардардын сөзү дайыма биричи орунда турат. Бул ашпозчулар баш ийген эң башкы мыйзам. Тамак айрым кардарларга жакса, кээ бирине жакпай калат. Ар кимдин табити ар кандай болот. Азырынча катардагы ашпозчумун. Башкы ашпозчу болуу үчүн абдан амалкөй болуш керек. Өзүмө бардык ашкананын тамактары жагат», - деди Бабаев.

Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлүп өскөн. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Келечекте Кыргызстанда өзүнүн ашканасын ачууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×