Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.01.2019 11:00 На русском

Айыл турмушу: «Бекжандын токолу» атка конгон Н.Бузурманованын боорду эзген окуялары (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 8 жылдан бери оператор болуп эмгектенген Нурмира Бузурманова сахна чөйрөсүнөн дагы алыс эмес. Таланттуу кызматкер менен аймактык кабарчы маектешти.

Бузурманова Нурмира Адылбековна 1982-жылы 20-июнда Баетов айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң Нарын облустук медициналык окуу жайда билим алып, бирок шартка байланыштуу окуусун толук уланта алган эмес. Кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен информатика жана математика боюнча билим алган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын эң кичүүсү.

«Атам карапайым эле мергенчи. Апам болсо мугалим. Экөө тең комуз чертип ырдашат. Өзүм 8 жылдан бери ҮДБда бейтаптардын өздүгүн базадан тактоо бөлүмүндө иштейм. Андан сырткары сахнада роль аткарып, ырдоону абдан жактырам. Маданий иш-чараларга активдүү катышып келем», - деди Нурмира айым.

Ал сахнада роль жаратуу учурунда көптөгөн күлкүлүү окуяларга туш болгондугун айтты.

«Негизи өзүм эле күлкүлүү, кызыктуу жүрөм. Бир жолу "Манас, маданият жана туризм" фестивалына даярданып жатабыз. Мен Жакыптын токол аялынын ролун аткармакмын. Бекжан деген байке Жакыптын ролун аткармак. Даярдык жүрүп жаткан учурда кечигип келип калдым. Эшиктен кирип келсем эле режиссёр мени карап "сен кимсиң?" деп катуу кыйкырса, мен шашып кетип "Бекжандын токолумун" деп айттым. Ошондон бери маданият үйүнө барып калсам, ал жердегилер "Бекжандын токолу" деп азыркыга чейин шылдыңдап күлө беришет», - деди Н.Бузурманова.

5 жолу операция жолу менен төрөгөнүнө жана бир жолу көкүрөгүнөн оор операция болгондугуна карабай өзүн жакшы сезген Нурмира айымды кызматынан дагы күлкүлүү окуялар курчап турат.

«Бейтаптардын өздүгүн тактоо бөлүмү же башкача айтканда КИВ деп коёт. Бул жерде көп окуялар болот. Бир жолу дарыгер бейтапка КИВ алып кел десе, ал дарыканага барып бутка кийген бахила көтөрүп келиптир. "Кана, КИВ алып келдиңизби" десе сумкасынан баягы бахиланы алып чыкты. Боорубуз эзилгенче күлдүк эле. Айрымдарын КИВ алып кел дешсе, бизге келип "киви" бергилечи деп сурашат», - дейт Н.Бузурманова.

Эс алууну дагы унутпаган Нурмира айым былтыр 2017-жылы Новосибирск шаарына барып, бир жума эс алып келген.

«Эс алуу абдан жагат. Өзүңдүн ден соолугуң үчүн, терс ойлордон арылуу үчүн эс алганды абдан жактырам. Ал эми кол өнөрчүлүк көп колумдан келе бербейт. Так айтсам андай ишке жокмун. Бирок тамак жасаганды дагы абдан жакшы көрөм. Достор менен табиятка эс алууга барып калсак мени тамак жасаттырып коюшат. Өзүм дагы жакшы көргөндөн улам унчукпай жасай берем. Алар тамшанып жей беришет, мени мактап коюшуп (күлүп)» , - деди ал.

Турмуштун көп сыноолоруна кабылып, 2 баласынан айрылып, бирок 3 баласы бар экендигине кубанып жашаган Нурмира айым ырчылык өнөрдөн жана өз кесибинен сырткары дагы донордук уюмдар менен иштешип, элге кызмат кылып келүүдө.

«Бир уюмдун координаторумун жана аялдарды коргоо уюмунун мүчөсүмүн. Ушул уюмдар аркылуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берип келебиз. Мисалга алсам, былтыркы жылы 8 үй-бүлөгө ун, эт, май жана кумшекер таратып бергенбиз», - деди Н.Бузурманова.

Нурмира айым өткөн жумада «Кош жылдыз» сынагында 3-орунду камсыздады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×