Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.12.2018 18:37 Жаңыланды: 26.01.2019 22:40

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк У.Урманаев бүркүт таптоонун сырларын билет (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айылынын 39 жаштагы тургуну Улан Урманаев бүркүт таптоо менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул өнөрдү бүркүтчү атасынан үйрөнгөн. Учурда Ак каш аттуу бир бүркүтү бар, ал 2 жашта.

«Жапайы куштарды таптоо кыргыз бүркүтчүлөрүндө кылымдардан келе жатат. Анын жашыруун сырлары атадан балага өтүп, суук көздөрдөн жашыруун сакталып келген. Мурда бүркүтчүлөр көп болсо, учурда мындай адамдар азайып бара жатат. Мүнүшкөрлөр бүркүттөрдү, алгыр канаттууларды, шумкарларды аңчылык үчүн таптап үйрөтүшөт. Бүркүт таптоо чоң өнөр, кармалган куш ээсине акырындык менен үйүр алат. Бул үчүн бүркүтчү бир нече түн бою өзү да кирпик ирмебей, бүркүткө да уйку бербейт. Куш ээсинин гана колунан тамактанышы абзел. Качан ал ээсине, анын атына, ошондой эле итине көнгөндө түлкүнүн кебинен жасалган чыргага салып үйрөтүп, андан соң гана чыныгы аңчылыкка алып чыгат.

Бүркүттү таза кармаш керек. Бутун, тумшугун жууп, тазалап турабыз. Анын арык же семизине жараша эт беребиз, семиз болсо азыраак, арык болсо жылуу кандуу эт беребиз. Чоң мүнүшкөрлөрдүн «бүркүт ооруп калса жылкынын этин бериш керек» деп айтканы чын экен. Үрпүйүп, ооруп калса жылкынын этин берсек, бат эле айыгып кетет. Бүркүт кекилик албайт, коёнго деле салбайбыз, болгону түлкүгө салабыз. Бүркүт таптоого бир уулум өтө кызыгат. Аны дайыма жаныма алып жүрүп үйрөтөм» , - дейт ал.

Улан бүркүт баккандан тышкары мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенет. Келечекте ата жолун жолдоп, атактуу мүнүшкөр болсом деген ою бар. Ал үч уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×