Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Чүй облусуСокулук району 28.12.2018 21:43 На русском

Айыл турмушу: Темир жолчу Ч.Латиповдун спорттогу ийгиликтери (сүрөт)

Turmush -  Сокулук районундагы Шалта айылынын 24 жаштагы тургуну Чыңгыз Латипов «Кыргыз темир жолу» ишканасында эмгектенүү менен бирге спорт менен да активдүү машыгып келет. Ал быйылкы Ысык-Көл оюндарында спорттун төрт түрү боюнча күч сынашып, 3 мелдеште тең 1-орунду алган. Аны менен аймактык кабарчы кабарлашты.

«Быйылкы жыл мен үчүн жакшы жылдардан болду. Ысык-Көл оюндары мелдешинде бир жуманын ичинде спорттун төрт түрү менен күч сынашып, үч медалга ээ болдум. Таяк тартышта мен чыга турчу салмактан бир аз ашып кеткениме байланыштуу өзүмөн чоӊ салмактагы спортчу менен беттешүүгө туура келди. Анда 2-орунду багындырдым. Кийинки күнү гиря көтөрүү боюнча 1-орунду, жеӊил атлетикадан 1-орунду жана турникке тартынуу боюнча 1-орунду багындырып алдым. Андан бери район, облустук деңгээлде өткөн той-аштардагы спорттук мелдештерге да катышып, бир топ ийгиликтерди жараттым. Бул спорттук мелдештердин баарына Сокулук районунун жана "Кыргыз темир жолу" ишканасынын атынан чыгып жүрөм», - деди ал.

Спортчу Шалта айылындагы Дайыр Доронбеков атындагы орто мектебин 2011-жылы аяктап, №97 лицейде темир жол бөлүмүндө окуган.

«Мектепте окуп жүргөндө кикбоксинг, эр таймаш менен машыгып келсем, кийин таяк тартыш, кол күрөш, гиря көтөрүү менен машыктым. Негизи спортко башка балдардан айырмаланып күчтүү болуу үчүн келгем.

Темир жолчулардын майрамына карата жыл сайын спорттук мелдеш өтүп, анда гиря боюнча төрт жылдан бери 1-орундарды алып жүрөм. Ал эми, таяк тартыш боюнча 3 жолу мелдештерге чыктым. Биринчи жолу Кыргызстандын чемпионатына чыгып, 2-орунду алсам, андан кийин Чолпон-Атада өткөн республикалык мелдеште 3-орунду алдым. Бош убактымда устачылык менен алектенип, ширетүүчү болуп да иштеп жүрөм», - деди спортчу.

Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

«Ата-энем мал чарба менен алектенип, дыйканчылык кылышат. Менден улуу 2 байкем да темир жолдо иштейт. Ал эми, карындашым 11-классты аяктады», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×