Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Талас облусуБакай-Ата району 02.01.2019 17:41

Айыл турмушу: 1,5 миң долларлык жылкыларды баккан Улан Бирназаров жылына 2 млн сом табат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 22 жаштагы тургуну Улан Бирназаров 5 жылдан бери жылкыларды багат. Ал жылкыларды 1,5 миң долларга чейин баалап сатып жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Улан төөлөрдү да багып, улакка чабыла турган күлүктөрдү таптайт. Ал эми ат таптоонун сырын аталаш агасынан үйрөнгөн.

«Өзүм бала кезимден бери малга жакын болуп чоңойдум. Аталаш агам 14 жылдан бери жылкыларды семиртип сатчу. Малга кызыккандыктан агамдын жанынан чыкпай, ал эмне кылса кошо жардамдашып, ат багуунун сырларын үйрөнүп алдым. Үй-бүлөмдүн жардамы менен мен да жылкы багып көрүүнү чечтим. Ата-энем жардам берип, башын баштап беришти. Акырындык менен жылкынын санын көбөйтүп алдым. Семиз жылкыларды багып келе жатканыма 5 жылдын жүзү болду. Башатын Нарындын Жумгалынан 50 миң сомго сатып келип көбөйттүм. Ал эми бир жылкыны байлап, семиртип сатсам 1,5 миң долларга бааланат. Көбүнчө Таластын тургундары жана казакстандыктар сатып алышат.

Бир жылкы 300 кг эт берет. Чыгашасын эсептебейбиз деле, бир жылдык киреше 2 миллион сомду түзөт. Азыркы учурда короодо 64 баш жылкы бар. Аларды атайын эки адам карап багат. Ал эми мал багуучуларга айына 15 миң сомдон эмгек акы төлөнөт. Жылкыларга күн сайын кебек, ун берип карайбыз. Бир салганда 60 кап жем кетет. Жылкылар жаш балдардай, мээрим төгүп туруу керек», - дейт ал.

Улан Бирназаров: «Жылкылардан тышкары күлүк таптайм. Өзүм 10 жылдан бери көк бөрүгө катышып, ийгиликтерди жаратып келе жатам. 3 жана 6 жаштагы күлүктөрдү да таптап келем. Тапталган күлүктөрдү атайын Токтогулга, Нарынга алып барып сатам. Күлүк тапталышына жараша бааланат. Ошондой эле казак туугандардан келген төөлөрдү багам. Учурда эки төө багып жатам, алар 3 жана 5 жашта. Ал эми 5 жаштагы төөнү 5 күнгө 3 миң сом берип, майрамдарда алып кетишет. Алар төөнү алып чыгып, сүрөткө түшүрүп акча табышат», - деди ал.

Улан үй-бүлөдө 7 бир тууган, ал жалгыз уул.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×