Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Талас облусу, Талас 25.12.2018 15:19

Фото — Таласта 28 жаштагы А.Токторбаев жетектеген «ТЭК АДИ» ишканасынан Грузияга, Россияга чейин жаңгак, пияздар экспорттолууда

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 28 жаштагы тургуну Адилет Токторбаев ички өндүрүштөгү продукцияны чет мамлекеттерге экспорттогон ишканасында 17 адамды туруктуу жумуш орун менен камсыздады.

Ишкердин өзүнүн айтымында, мектепти аяктаган соң политехникалык окуу жайдан экономика жана ишкананы башкаруу адистигине ээ болуп чыккан. Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында юриспруденция адистиги боюнча экинчи жогорку билимин алууда.

«Жогорку окуу жайды аяктаган соң Бишкек шаарында ишканалардын биринде 1,5 жыл иштедим. Үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу Таласка келдим. 1 жыл Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин Талас облустук башкармалыгында башкы адис болуп иштеп, ошол жерден көп тажрыйба алдым десем болот. 2015-жылдан бери жеке ишкерчилик менен алектенип келем. Бул ишти атам негиздеп иштеп келген. Ишкананын аты «ТЭК АДИ» ЖЧКсы. Анда төө буурчак иштетебиз. Ал 25-50 кг болуп салынат. Кыргызстанда өскөн грек жаңгагын кагаз коробкаларга 10 кг кылып салып, Грузия мамлекетине эскпорттойбуз. Продукцияны дүйнөлүк соода боюнча ЕАЭБдин талабына ылайык кылып даярдайбыз.

Ошондой эле быйыл пиязды 20-25 кг кылып, Казакстан, Россия мамлекеттерине экспорттодук. Ишканабыздан жалпы 200 тоннадан ашык пияз экспорттолду. Бүгүнкү күндө ишканада такай иш менен камсыз болгон 17 адам бар.

Таласта негизги төө буурчактан тышкары да продукциялар бар. Алардын бири кара өрүк болуп эсептелинет. Быйыл кара өрүктүн түшүмү абдан мол болуп, бирок баасы төмөн болду. Келечекте кара өрүктү кургатуучу кичи ишкана ачып, баасын жакшы камсыздайм деген пландарым бар», - деди ал.

Адилет мырза жубайы экөө 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×