Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Талас облусуТалас району 04.01.2019 23:00 На русском

Айыл турмушу: 15 жылдан бери бал аары баккан Р.Алымбаев жылына 300 миң сомго чейин табат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Таш-Арык айылынын 41 жаштагы тургуну Расул Алымбаев 15 жылдан бери бал аарыларды багат. Ал жылына 300 миң сомго чейин киреше табарын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Расул мырза айыл чарба техникумун окуп бүтүргөн. Ал 15 жыл мурун Талас шаарынан бал аарынын энесин сатып алып, кийинчерээк уруктарын көбөйткөн.

«Азыркы учурда 60дан ашык бал кутучалары бар. Ар бир кутучаны 500 сомдон буйрутма менен жасатып алып келгем. Аарылар жылына 1,5 тонна бал берет. Балдын бир килограммы дүң баада 250 сомдон сатылат. Аарыларды сөзсүз бир адам көзөмөлдөп турушу керек. Алар жаш балдардай болушат. Жайы-кышы көзөмөлдөп, жазында дарылап, жайкысын көбүнчө талаага учурам. Ал эми кышында кутучада эле болушат. Кышы менен шекер берип карайм.

Дары-дармектерди кошкондо жылына 70 миң сом сарптайм. Аарылардын энелерин жыл сайын алмаштырып туруу керек. Энелерин атайын Германиядан 35 миң сомго сатып алабыз. Андан кийин уруктатып көбөйтүп алса болот. Ал эми урукту 30 чакырым алыстан алмаштыруу керек. Себеби алмаштырылып жаткан урук бузулбашы зарыл», - дейт ал.

Расул мырза 1 уул жана 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×