Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Ысык-Көл облусуТоң району 12.12.2018 10:20 Жаңыланды: 04.01.2019 17:16 На русском

Айыл турмушу: Тоңдук М.Ибраев жасаган боз үйлөрүн чет өлкөлөргө сатып, жылына 500 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 37 жаштагы тургуну Марс Ибраев 14 жылдан бери боз үй жасоо менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Кыргыз архитектуралык курулуш институтунда инженер кесиби боюнча билим алган.

«Боз үй жасоо менен 2004-жылдан бери алектенип келем. Боз үй жасоону айылдагы байкелерден үйрөнгөм. Боз үй негизинен жыгачы түндүк, уук, кереге, эшик, босого, таяк бөлүкчөлөрдөн турат. Ички жазалгасын нукура кылып жасайбыз. Алгач кийизди боёкко салып, аны даярдап алган соң аны кесип, оюу салабыз. Кийизден түндүк жабык баш жана ички-сырткы жабык баш, шырдак тегерек оюлуп, шырылып жасалат.

Жиптерден өрмөк боолору, тегирич, чачылары жасалат. Кийизди Токмоктогу фабрикадан алабыз, жыгачтары өзүбүздө өсөт, жетпегенин башка айылдардан сатып алабыз. Бир боз үй 1,5 айда жасалат. Ал эми жылына буюртмага жараша 10 боз үйгө чейин жасай алам. Боз үйлөрдү Түркия, Казакстан, Араб Эмираттары сыяктуу чет өлкөлөргө сатабыз. Бир боз үйдөн 40-50 миң сом киреше табабыз», - деди Марс Ибраев.

Ал боз үй жасоодон тышкары айылда дыйканчылык менен алектенет. Келечекте боз үй жасоо кол өнөрчүлүгүн өркүндөтсөм дейт. Ал 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×