Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 06.12.2018 16:48 На русском

Кыргызстандын жаратылышы: Муз каптаган Ак-Көл көлүнүн учурдагы көрүнүшү (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районундагы Ак-Көл табигый көлүнүн үстүнө муз тоңду. Буга Мамэкотехиспекциясынын Кочкор-Жумгал бөлүмүнүн инспекторлору табигый көлдүн коопсуздугун кароо боюнча текшерүү учурунда күбө болушкан.

Адистердин бири көлдүн ортосуна чейин басып барып, текшерип көргөн. Көлдүн үстүнө 20 см гана муз тоңгон. Муз салмак оорлошкондо кычырап жарылып баштаган. Көлдүн үстүндө басууга, муз тебүүгө тыюу салынат жана кооптуу.

Ак-Көл табигый көлү Жумгал районунун Кабак айылына карайт. Ал райондун борбору болгон Чаек айылынын түштүк-батыш тарабынан 42 чакырым алыста жайгашкан. Бул көлгө Кең-Сай жана Үңкүр-Сай жылгаларынан келген мөңгү суулар куюлуп, жыл сайын кардын жана жаан-чачындын жаашына жараша көлдүн деңгээли өзгөрүлүп турат.

Азыркы күндө көлдүн жогору жагында Кең-Сай жана Үңкүр-Сай жылгаларынын кошулушунда 15 кожолук, мындан сырткары көлдүн төмөн жагында 6 чакырым аралыкта Кичи-Сары-Булуң айылында 7 кожолук эл жайгашкан.

Көлгө баруучу ички чарбалык унаа жолдо 3 даана жыгач көпүрө жана 1 темир көпүрө жайгашкан. Көлдөгү суунун деңгээлин туруктуу кармоо максатында иштетилбей калган эки даана түтүкчөлөрдү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×