Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 06.12.2018 15:59 На русском

Жоголгон малчыны издеп жүрүп, өзү мерт болду: Лейлекте кар көчкү басып каза болгондор жерге берилди

Turmush -  Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүндөгү Өзгөрүш айылынын көчкү басып калган 2 тургунунун жансыз денелери алынып келип, жерге берилди. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, 29-ноябрь күнү Өзгөрүш айылынын 2 тургуну ошол эле айылдын Бужум жайлоосуна жылкы издеп чыгып кетишкен. Экөө тоодон эки тарапка бөлүнүп, ошол күнү алардын бирөөсү өз үйүнө кайрылып келген эмес. Кайрылып келбей калган адамды издөөгө 8 айылдашы жөнөгөн. Алар издеп бара жатышканда тоодон кар көчкү түшүп, бирөөсүн басып калган. Көчкү баскан адам ошол жерде мерт болуп, анын денесин 7 шериги айылга алып келген.

Алар андан кийин 2-декабрда жылкы издеп кеткен айылдашы жок болуп жатканын айтышып, ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнө кайрылышкан. Издөө иштерине 25 куткаруучу тартылып, 2 күн издешкен. Анын жыйынтыгында жансыз дене 3-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Бужум жайлоосунан табылды. Аны да кар көчкү басып калганы такталган. Куткаруучулар жансыз денени табуу үчүн 8 саат жөө жүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×