Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 06.12.2018 15:17

Баш-Кууганды айылындагы мектептин эски имараты бала бакчага айланды (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы мектептин эски корпусу оңдолуп, бала бакчага айланды. Оңдоп-түзөө иштерине 3,2 млн сом жумшалган.

90 орундуу С.Жамгырчиев атындагы бала бакча учурда пайдаланууга берилип, балдар кабыл алынып жатат. Ал эми оңдоо иштерине жумшалган каражаттын 1,1 млн сому өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Буга чейин аталган имараттын бир бөлүгү 30 орундуу бала бакча катары колдонулуп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×