Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баткен облусу, Баткен 06.12.2018 14:20 На русском

Баткенде кызматтан бошотулган чиновник А.Абдрахмановдун кайра кызматка келүүсүн талап кылгандар нааразычылык акцияга чыгышты (видео)

Turmush -  Баткен облусунун жетекчисинин кызматтан бошотулган орун басары Алишер Абдрахмановдун кайра кызматка келүүсүн талап кылган эл митингге чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалым болгондой, 100гө жакын адам чогулуп, Алишер Абдырахманов мурдагы ордуна келбесе, анда башка бир кызматка дайындалсын деп талап кылышты.

«Алишер Абдрахманов келгенден бери бизде чек ара маселеси бир аз болсо да чечилип, тажиктер менен уруш-талаш аз болуп калды. Анын салымы чоң. Биздин кадрды эмне үчүн алып коюшту. Бизден кадрлар министрликте да, жогору жакта жок болгондуктан биздин облуска көңүл бурулбай келет. Эгерде Абдрахманов ордуна келбесе анда башка кызматка дайындалсын», - деди Баткен районунун тургуну Калыс Мырзаев.

Чогулгандар өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевди иш ордунан таба алышкан жок. Андыктан кагаз жүзүндө жогору жактагы бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасашты. Алар А.Абдрахмановдун кызматынан өз арызы менен кеткенине ынанышпайт.

«Абдрахмановдун өз арызы менен кеткенине ишенбейбиз. Абдрахманов кайра кызматка келсин. Өкмөт башчыдан туура чечим кабыл алууну суранабыз», - деди Баткен районунун тургуну Касым Мырзаев.

Баткен облусунун жетекчилигинин аппарат башчысы Мунар Насировдун айтымында, чогулгандардын талабы тиешелүү жетекчилерге жеткирилет.

«Эл мурдагы губернатордун биринчи орун басары Алишер Абдрахмановдун кызматтан кеткенине нааразычылыгын билдирип чыгышты. Алар кагаз жүзүндө кайрылуу жазып беришти. Биз тиешелүү жетекчилерге жеткирип, алардын талабын карайбыз. Албетте, ал өз арызы менен кеткен болчу», - деди Насиров.

Алишер Абдырахманов облустун жетекчисинин орун басары болуп 2016-жылдын август айында дайындалган болчу. Ал 2018-жылдын 4-декабрында өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Анын ордуна Жылдызбек Исакулов орун басар болуп дайындалган. Исакулов буга чейин Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Чогулгандарга жаңы дайындалган орун басар Жылдызбек Исакулов да жолугушту.

«Мен да Баткендин кулунумун. Өз элим үчүн кызмат кылууга даярмын жана элдин ишеничин актаганга аракет кылам», - деди ал.

Ал мындан тышкары облус башчысы учурда чет өлкөдө жүргөнүн, ал келгенде айтылган талаптарды жеткирерин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×