Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.12.2018 14:03

Кара-Көлдө акыркы жумада сасык тумоодон жабыркаган адамдардын саны көбөйдү

Turmush -  Кара-Көл шаарында акыркы бир жумада сасык тумоодон жабыркап, ооруканага кайрылгандар көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки өспүрүмдөр болууда. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, мурунку жылга салыштырмалуу быйыл сасык тумоо менен ооругандар аз катталган.

«Ооруканага кайрылган жарандар коомдук жайларга барганда бет кап тагынуусу керек. Анткени сасык тумоо аба аркылуу жугат. Көчөдө жүргөндө бет кап тагынуунун зарылдыгы жок», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми шаардык билим берүү бөлүмү сасык тумоонун айынан мектептерге окуучулардын жана бала бакчаларга балдар аз келип жатканын билдирди.

«Акыркы бир жумада шаар боюнча 210 окуучу мектепке, 12 мугалим ооругандыктан мектепке барган эмес. Ал эми бала бакчаларда 190 бала, 8 тарбиячы сасык тумоого кабылганы аныкталган.

Ал эми шаардык санитардык көзөмөлдөө борборунун маалыматына караганда, былтыркыга салыштырмалуу сасык тумоо менен жабыркаган жарандар аз. Өткөн жумада бул ооруга чалдыккан 63 киши катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×