Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.12.2018 13:44 На русском

Өзгөчө ысымдар: Ак-талаалык Марлесбек Апиловдун ысымы белгилүү адамдардын баш тамгаларынан куралган (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында өскөн Марлесбек Апиловдун ысымы да, атасынын аты да өзгөчө. Өзгөчө ысымдуу тургун менен аймактык кабарчы маектешти.

Апилов Марлесбек Шактыбекович 1980-жылы 10-февралда Жаңы-Талап айылында төрөлгөн. Аталган айылдагы Байымбет атындагы орто мектебинде билим алган соң Нарын мамлекеттик университетинде 3-курска чейин окуп, шартка байланыштуу окуусун уланткан эмес. 20 жашында Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылына күйөө бала болгон Марлесбек мырза 3 кыз, 1 уулдун атасы. Учурда Бишкек шаарында жашайт.

Ал 7 бир тууган. Анын Рыскүл, Назгүл, Элеонора аттуу эжелери, Аман жана Эсен аттуу эгиз инилери бар. Ал эми кичүү инисинин аты Таалайбек .

«Мен чоң атам Апилдин колунда чоңойгом. Өз атамдын иниси Мыктыбек байкемдин Эрнест аттуу баласы бар. Экөөбүз бир учурда төрөлгөнбүз. Ошол кезде К.Маркс, В.И.Ленин, И.Сталин, Ф.Энгельс сыяктуу дүйнөгө белгилүү адамдардын ысымын ыйгаруу модага айланган. Анан Эрнестке Энгельс, мага Маркс деп ат коюшат. Бирок үйдөгүлөр "кой, мындай ат коюуга болбойт" деп, Энгельсти Эрнест, мени Маркс, Ленин жана Сталиндин ысымынан Марлест деп аташат. Ал кезде бай же бек болсун деген ырым-жырым менен аягындагы "т" тамгасын алып салышып, Марлесбек деп коюшкан экен», - деди ал.

Марлесбек мырзанын чоң атасы 5 жыл согушка катышканы менен согуштун ардагери болгон эмес.

«Чоң атаң бар болсо абдан жакшы. Чоң атамдын тарбиясын алып, аларга эркелеп, өмүр бою ошол кишинин колунда чоңоюп калгангабы, айтор ушундай сезилет. Чоң атамдын чын аты Абдыгул экен. Анын атасы, башкача айтканда бабам Райым Абдыгул дебей, Апилим деп эркелетчү тура. Ал эми чоң атам согушка барарда документтерди тактоо учурунда ысымы Апил деп жазылып калыптыр. Ошол боюнча баарыбыз Апилов деп катталып жүрөбүз.

Апил атамдын айтымында, согушка Жумгалдын Чаек айылынан 1941-жылы 31 жашында кетиптир. Ошол боюнча 1945-жылы кайтып келет. Келген учурда аскер комиссариатынан каттоого чакыртышкан экен. Согуштан ушунча көңүлү чөгүп калган байкуш чоң атам "дагы согушка алып кетет" деген ой менен барбай коёт. Ошол бойдон согуштун ардагери катары катталбай калыптыр. Кийин Жеңиш күнү өтүп жатканда чакырылбай, сыйланбай, сыртта калганына өкүнүп жүрүп өттү. Негизи эле Апил чоң атамдын тагдыры татаал болуптур. Анткени бабам Мамырайым мал жандуу, бай адам болгон экен. Анын Назаркул, Абдыгул (Апил) жана Шурубек деген балдары болгон. Байларды кулакка тартуу мезгилинде Райым атабыз кулакка тартылып кетет. Райым атам репрессияга кабылып, азыркы Байтик айылынын Беш-Бөлтөк деген жеринде атылыптыр. Ошол кезде чоң атам Апил 14 жашта болчу экен. Аны "кулактын баласы" деп, кыскасы бир топ куугунтукка кабылыптыр. Тилекке каршы чоң атам 1997-жылы, өз атам Шактыбек 2009-жылы бул дүйнөдөн өтүп кетишти», - дейт М.Апилов.

Жыгач устачылыкты катыра жасаган, жылкыны абдан жакшы көргөн Марлесбек мырза ысымынан улам кызыктуу окуяларга дагы туш болот.

«Турмуш агымы жүрүп жатканына байланыштуу банкка барасың же башка иштердин документтерине барасың. Анан менин ысымымды, фамилямды, жада калса атамдын атын окуп же көргөндөр "байке, сиз кыргыз элесизби?" деп таң калып сурай беришет. Мен ооба, болгондо дагы теңир-тоолук кыргызмын деп жооп берем», - деди ал.

20 жашында үйлөнүп, учурда жеке ишкерлик менен алектенген М.Апилов жаңы үйлөнгөн кезинде көлгө чөгүп кете жаздаган.

«Жаңы үйлөнгөн кез. Кайын журтка барып калдык. Ал кезде балдыздарым кичирээк кыздар эле. Эми Нарын жергесинде өтө чоң көлдөр жок, көлмөлөргө чабак уруп ойнойт эмеспизби. Ысык-Көлгө түшүп жатабыз. Эң кичүү балдызым экөөбүз чогуу чабак уруп баратабыз. Балдызыма уят болбоюн деп мен деле аракет кылып сүзүп бара жатып, бир маалда чарчай баштадым. Бир убакта бутумду ылдый кылсам көлдүн түбү жок. Ары кете албай же бери кете албай калдым. Маңдайымды карасам бир кызыл баллон турат. Көрсө ал андан ары өтүүгө болбойт деген чек экен. Ошол баллонго эптеп жетип, аны кармап алып турам. Эки көзүмдүн элейгенин айтпа. Жээкке жете албай же балдызымдан жардам сурай албай, бир топ убакыт турдум. Акыры эс алып, болгон күчүмдү жыйнап алып, кайра жээкке эптеп сүзүп жеттим. Ошол окуя алигиче эсимден кетпейт. Азыр көлгө барып калсам балдызым ошону айтып алып, күлө берет», - деди Марлесбек Апилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×