Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.12.2018 10:52

Ак-Сууда маркум У.Турдубековдун урматына арналган аскердик мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда мектептер арасында аскердик-спорттук таймаш уюштурулду.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш Баткен окуясында курман болгон Урмат Турдубековдун жаркын элесине арналды. Анда окуучулар 9 этап менен мелдешип, аскердик басуу, жаа атуу, турникке тартылуу, граната ыргытуу, 60 метрге ылдамдыкта чуркоо, таяк тартуу, аскердик патриоттук ыр аткаруу, аскердик бөлүктөргө тийиштүү кесиптик көрүнүштөрдү чагылдыруу боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Турдубеков Урмат Керимкулович 1976-жылы Ак-Суу районунун Зындан айылында туулган. Ал 10 бир туугандын кенжеси болгон. Мектепти аяктагандан кийин аскерде кызмат өтөгөн. Баткен окуясы башталганда мекенди коргоочулардын катарында болуп, 2000-жылдын 18-августунда душмандар менен салгылашууда каза тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×