Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 06.12.2018 09:35 На русском

Айыл турмушу: Ат-башылык Роза Ниязбаева кыздарга сеп даярдап, киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 54 жаштагы тургуну Роза Ниязбаева тигүүчү болуп иштеп, киреше табат. Ал 15 жыл мамлекетке караштуу тигүү цехинде иштеп, пенсияга чыкканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, 1983-жылы Ат-Башы айылындагы тигүү цехине окуучу болуп келип, кийинчерээк кийим тиккенди үйрөнүп кеткен. 2000-жылдан тарта ишин үйүндө улантып, элден буйрутма алып баштаган. Учурда ал жеке чакан цехте кийимдерди оңдоп-түзөп, буйрутма да алат.

«Ат-Башы айылында чоңоюп, ушул эле айылга келин болдум. Союз убагында тигүү цехинде иштедим. 2000-жылдан кийин үйдөн өз алдынча кийим тигип баштадым. Ал эми бул цехте иштеп жатканыма 2,5 жыл болду. Учурда кийимдин бардык түрүн тигип, оңдоп берем. Ошондой эле кыздарга да сеп даярдайм. Көбүнчө айымдардын кийимдерине буйрутма түшөт. Бала кезимден эле тигүүчү болгум келчү. Ат-Башыда кичи тигүүчү ишканалар көп. Бул ишти колдогон адам болсо, бул тармак өнүкмөк», - деди ал.

Тигүүчү үй-бүлөлүү, анын 5 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×