Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Бишкек 06.12.2018 09:14 На русском

Каныкей Аилчиева Москвада өткөн сулуулук сынакта Miss World Asia Beauty наамын утту (фото)

Turmush -  Кыргызстандык Каныкей Аилчиева Москвада өткөн сулуулук сынакта Miss World Asia Beauty наамын утту. Бул тууралуу кечээ, 5-декабрдагы маалымат жыйында Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, сынакка 100дөн ашык кыз катышты. Алардын арасында кыргызстандык дагы бир сулуу Наргиза Туратова ат салышып, ал экинчи вице-мисс наамын алды. Сынак улуттук кийимчен, спорттук жана кечки көйнөкчөн чыгуу деген 3 этаптан турган. Жеңүүчүгө 2019-жылы Түркияда өтүүчү «Аалам сулуусу» сынагына катышууга жолдомо берилди. Эми кыргызстандык жеңүүчү жаңы жылдан кийин «Аалам сулуусу» сынагына даярдана баштайт.

«Каныкейдин көйнөктөрүнө 2500 доллар сарпталды. Каныкейдин көйнөгү абдан резонанстуу болуп, сынакта татыктуу көрүндү», - деди Молдокматова.

К.Аилчиева кайрымдуулук менен алектенерин жана SOS фондунун жетекчиси экенин айтты. Азыр жаңы жылга карата жетим балдарга жардам берүү үчүн демөөрчүлөрдү издеп жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×