Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 06.12.2018 08:15 На русском

Сүрөт: Кара-Суудагы жол кырсыктан 2 адам каза болду, бири Кытайдын жараны

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Тай айылындагы жол кырсык адам өлүмү менен коштолду. Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган алдын ала маалыматтар боюнча, окуянын кесепетинен 2 адам каза болду. Алардын бири — Кытай Эл Республикасынын жараны.

Жол кырсык Ош–Сары-Таш унаа жолунда 5-декабрда саат 16:30 чамасында «Тойота» менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда болгон. Жабырлануучулардын бири оор жаракаттын кесепетинен ошол жерде көз жумган.

Башка жабырлануучулар ооруканага жеткирилди. Бирок дарыгерлердин аракетине карабастан экинчи жабырлануучу — Кытайдын 1967-жылы туулган жараны Л.Ж. ооруканада үзүлгөн.

Жабыркагандардын тизмеси:

- Кара-Суу районунун 1988-жылы туулган тургуну, жандандыруу бөлүмүндө;

- Алай районунун 1965-жылы туулган тургуну А.К., жандандыруу бөлүмүндө;

- 1990-жылы туулган А.М., жандандыруу бөлүмүндө;

Бул факты боюнча экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×