Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 05.12.2018 19:35 На русском

«Ош-Тазалык» ишканасынын жаңы жетекчиси айтылган сындарга жооп берди (видео)

Turmush -  «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурунку жетекчиси өз арызы менен кызматтан кетип, ордуна Нурбек Исмаилов дайындалган. Бул арада анын жетекчилик кызматка келүүсүнө айрым адамдар нааразы болушкан.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары «спорт чөйрөсүндөгү адам кантип муниципалдык ишкананы өнүктүрө алат?» деп суроо салууда. Ал эми Ош мэриясынын басма сөз кызматы кызматка жаңы дайындалган Нурбек Исмаилов 3 айдын ичинде ишкананы өнүктүрө албаса кызматынан кол жууп каларын билдирди.

Нурбек Исмаилов кызматка киришкенден баштап жакшы уктай электигин айтып, ишкананы өнүктүрүү үчүн болгон күчүн жумшарын белгиледи.

«Менин муниципалдык тармакта 4-5 жылдык тажрыйбам бар. Бул ишканага чөнтөккө иштөө үчүн келген жокмун. Ишкананы көтөрүү, шаардын тазалыгын камсыздоо үчүн келдим. Мурунку жетекчи да абдан жакшы иштеп кетиптир. 5 жыл иштегенине байланыштуу чарчап, өз каалоосу менен арыз жазыптыр. Ишканада чындыгында чарчайт экенсиң. Мен ишке кечээ эле келип, 1 суткадан бери уктай элекмин. Көзүңдү жумсаң эле таштандылар тоодой үйүлүп кетет экен. Ошондуктан көздү жумбай иштөө керек. Эми буйруса колумдан келишинче иштеп берүүгө аракет кылам.

Жаңы жылдан баштап коммерциялык ишканалар менен келишим түзүп, ишкананын бюджетин көтөрүүгө аракет кылабыз. Айына абоненттерден 7-8 млн сом чогулат экен. Бир жылда 80 млн сомдой акча чогулат. Ачык айтайын, жумушчулардын эмгек акысына 5 млн сом кетет. Социалдык фонд, салык, күйүүчү майга акча кетип отуруп, өзүн-өзүн актай албай калат экен. Мына азыр субсидиясыз эле ишкананын күйүүчү майга карызы бар. 400дөн ашуун адам иштеген ишканага субсидия албай туруп кантип жеткиребиз? Эми бул маселе боюнча мэриядагы экономисттер, вице-мэрлер менен кеңешип, бир чечимге келебиз», - деди.

Буга чейин жергиликтүү журналисттер шайлоо учурунда Нурбек Исмаилов аларды жакалаганга чейин барганын социалдык тармактагы баракчаларына жарыялап, талкууга жем ташташкан. Бул окуя боюнча Исмаилов төмөнкүдөй жооп берди.

«Кайым айтышкан журналисттер менен анча-мынча пикир келишпестиктер болгон экен. Ошол убакта комиссиянын төрагасы болуп сыртка чыгып калганыма байланыштуу ошондой деп жатышат. Бирок ал жерде эч кандай чоң чуу болгон эмес», - деди Исмаилов.

2017-жылы 15-октябрда, тактап айтканда президенттик шайлоо учурунда АКИpress агенттигинин Turmush басылмасынын Ош шаарындагы кабарчысы көтөрүп жүргөн камераны белгисиз адамдар тартып алышкан.

Аталган ишкананын мурунку жетекчиси Талант Капаров социалдык баракчасына 5 жыл ичинде ишканадагы жумушчулардын санын 100дөн 400гө жеткиргендигин, ага улай эле 30 млн сомду 105 млн сомго чейин жогорулаткандыгын жазып, шаардын тазалыгы боюнча сын-пикирлер көп айтылганы үчүн жумуштан өз каалоосу менен кеткендигин жазган.

Нурбек Исмаилов буга чейин бир нече мамлекеттик жумуштарда иштеген. Ал 1985-жылы Ош шаарында төрөлүп, Карл Маркс мектебинде окуп, аны 2003-жылы аяктаган. Андан кийин 2008-жылга чейин ОшМУнун бизнес жана менежменд факультетин окуп бүтүргөн. Ошондой эле күжүрмөн самбо, самбо, грэпплинг боюнча спорттун чебери болууга жетишкен. Грэрпплинг боюнча дүйнөнүн эки жолку, эрежесиз эр уруш боюнча Азиянын чемпиону болгон.

Ал 2011-жылдан тартып 3 жыл бою Ош шаарындагы борбордук базардын директорунун орун басары болуп иштеген. Андан кийин Өзгөн райондук салык кызматында инспектор болуп 1,5 жыл иштеп, Грэпплинг федерациясынын вице-президенти болуп 2 жыл эмгектенген. 1 жыл Оштогу троллейбустар паркында директордун орун басары болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×