Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 05.12.2018 15:10

«Энсан-Диамонд»: Ошто жарандар милицияга кандай мамиле кылууну билип калышты (видео)

Turmush -  «Энсан-Диамонд» коомдук бирикмеси аялдардын демилгелүү топтору менен биргеликте гендердик теңчилик боюнча жана милиция менен калктын ортосундагы байланышты бекемдөө багытында бир катар маалыматтык кампанияны ишке ашырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында бирикменин өкүлдөрү билдиришти.

Ош

«Энсан-Диамонд» коомдук бирикмесинин кызматкери Алима Кадырованын айтымында, милиция кызматкерлери менен биргеликте Ош шаарындагы 12 аймактык кеңеште түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалымат беришкен.

«2018-жылы "Энсан-Диамонд" коомдук бирикмеси "Saferword" эл аралык уюму менен биргеликте "Милиция жана калк ортосундагы социалдык өнөктөштүк" долбоорунун алкагында "Милиция кызматкерлери жана аялдар демилгелүү топтордун ортосундагы өз ара аракеттерин бекемдөө" деген аталыштагы маалыматтык кампаниясын ишке ашырды. Ошондой эле аялдардын демилгелүү топторунун мүчөлөрү жана Ош ШИИБге караштуу участкалык инспекторлордун катышуусу менен коммуникациялык жолугушуу өткөрүлүп, Ош шаарындагы 12 аймактык кеңештердин аймагындагы жергиликтүү жамааттардагы аялдардын жана жаштардын күнүмдүк көйгөйлөрү жөнүндө милиция кызматкерлерине маалымат жеткирилди. Ал жолугушууда милиция кызматкерлери менен аялдардын демилгелүү топторунун лидерлеринин байланыштары бекемделди. Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды», - деди Кадырова.

Ош

Манас-Ата аймактык кеңешинин аялдардын демилгелүү тобунун лидери Нурила Исаева долбоор ийгиликтүү ишке ашып жатканын кошумчалады.

«Биз өзүбүздүн аймактык кеңештеги жарандарга милиция менен кантип байланышуу керек деген суроолорго жооп жазылган маалымат баракчаларды таркатып чыктык. Көпчүлүк биздин баракчаларыбыздын пайдасы тийип жатканын айтышты», - деди Исаева.

Керме-Тоо аймактык кеңешинин аялдар тобунун лидери Рысгүл Манапбаева: «Чындыгында эле жарандардын милиция кызматкерлерине тиешелүү көйгөйлөрү бар экен. Анткени жарандар милиция суроо бергенде өз укугун талашууну билишпейт. Ошондуктан биз таркаткан маалымат баракчалары аларга пайдасы тийип жатканын билдиришти», - деп кошумчалады.

Ош

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×