Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баткен облусу, Баткен 05.12.2018 14:11

Баткенде согуштун ардагерлерине, майыптарга жана жакыр жашагандарга көмүр таратылды

Turmush -  Баткен шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, майып адамдарга, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө көмүр жана акчалай жардамдар таратылды.

Мэриянын маалыматына караганда, аларга жалпы 60 миң сом жардам берилди. Согуштун 2 ардагерине 6 миң сомдон, майып адамдарга жана жакыр жашаган 50 адамга 960 сомдон таратылды.

Ошондой эле Баткен шаарындагы «Нур» балдарды калыптандыруу борборуна 5200 сом берилди. Майыптыгы бар 112 адамга 400 сомдон жардам берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×