Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.12.2018 12:09 На русском

Ысык-Атада унаа уруп кеткен жигит ооруканага бара жатканда каза болду

Turmush -  3-декабрда түндө Ысык-Ата районунун Красная речка айылында жаш жигитти унаа уруп кетип мерт болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 33-чакырымында болгон. «Мерседес» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу батышты көздөй бара жатып, өзүнүн бузулуп калган унаасын түртүп жаткан жаш жигитти сүзүп кеткен. «Мерседестин» айдоочусу ага жардам бербей, тез жардам чакырбастан качып кеткен. Жаракат алган Кегети айылынын 2000-жылы туулган тургуну С.Б. тез жардам менен Кант шаарындагы ооруканага жеткирилип, бирок өзүнө келе албай мерт болду.

Милиция кызматкерлери аны уруп кеткен алтын түстөгү «Мерседес-Бенц Е320» үлгүсүндөгү унааны кечээ, 4-декабрда аныкташты. Жигитти урган кезде унаанын алдыңкы чырактары сынып кеткен. Анын айдоочусу Ысык-Ата районунун 1955-жылы туулган тургуну О.А. экендиги такталды.

Учурда унаа айып аянтына киргизилип, окуя иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×