Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баткен облусу, Баткен 05.12.2018 11:33

Баткенде адамдарга бекер юридикалык кеңештер берилген акция өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 5-декабрда Баткен шаарында облустук юстиция башкармалыгы тарабынан «Акысыз юридикалык жардам декадасы» аталышындагы акция өтүүдө.

Юстиция башкармалыгынын башчысы Арапбай Зияевдин айтымында, иш-чарада юристтер, калкты тейлөө борборунун өкүлдөрү элге акысыз юридикалык кеңеш берип жатышат. Быйыл облус аймагында жалпы 5000 миңге жакын адам юридикалык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен негизинен жер, алимент жана паспорт маселеси боюнча кайрылгандар көп. Кээде айыл өкмөттүн деңгээлинде чечиле турган маселелер менен кайрылышат. Учурда Лейлек жана Кадамжай райондорунда атайын акысыз жардам көрсөтүү бөлүмү ачылган. Бул акция 3-декабрдан 10-декабрга чейин жүргүзүлөт.

Бүгүн бул акция катышып, акысыз кеңеш алган Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Саид Эргешовдун айтымында, ал буга чейин акысыз юридикалык кеңеш алуу үчүн юстиция кызматы бар экендигин билген эмес. Маалыматы жоктугунан 5-6 ай кайда кайрыларын билбей жергиликтүү ЖААК бөлүмүнө кайрылып, бирок маселесин чече албай келген. Бүгүн ал дагы юридикалык консультация алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×