Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 11.12.2018 14:27 На русском

«Тагдыр»: 13 баласынан айрылган Токтосун ата 10 жылдан бери жалгыз жашайт

Turmush -  Жашоодо жалгыз калып, өмүрү өксүккө, көкүрөгү кайгыга, жүрөгү муңга толгон 90 жаштагы Токтосун Абдылдаев Чүй облусунун Панфилов районунда жашайт. Анын кайгылуу күндөрү, убайга салган уйкусуз түндөрү, жанга баткан жалгыздык жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Буттары араң баскан, колдорунун сөөгү оркоюп көрүнүп, нан сындырууга араң жараган карыя ашканадан даам сызып, үн сөзсүз көпкө отурду. 4 күндөн бери тамак ичпей, өңү кара көгүш тартып, акырын чайдан ууртап, жанындагы адамдар менен деле иши жоктой. Жашоодон жадагандай, турмуш тузагына чалынып, өзү менен өзү күрөшүп күн кечиргендей. Жагымдуу маанай тартууласаң жаш баладай кубана жүзүнөн нурун чачып, дил маегин жандандырат.

WhatsApp Image 2018-12-04 at 22.47.32

«90 жашка толдум, балам. Билесиңби, 50 жаш эл ортону, 60 жаш карылыктын башы, 70 жаш карылыктын жашы, 80 жаш селейе түшүү, 90 жаш тоголок дешет. Тоголок дегени — үйгө кирип-чыгып күн кечирүү, жылуулукту сүйүү, көп баспай калуу жана башка. Турмуштун ачуу-таттуусун көрдүм. 4 аял алып, 14 балалуу болдум. Тагдыр экен 13 балам жашында эле бул жарык дүйнө менен коштошту. Кемпирлерим да тиги жакта, бейиши болсун. 1 кызым калган. Ал Жалал-Абад тарапта, каттабайм деле. Ошентип 10 жылдан ашуун убакыттан бери жалгыз жашап келем. Көнүп деле калдым. Ыйлап жүрүп көз жашым түгөндү. Турмуштун айынан бирөөнүн көрсөтмөсүнөн Өзбекстандын ушул жакка келип калдым», - деди карыя.

Токтосун Абдылдаевдин кичи мекени Ош облусунун Чоң-Алай өрөөнү. Жаштайынан Өзбекстандын Ташлак районунда жетилип, 30 жыл ал жерде жашаган. Андан соң 50 жашка чейин Майлуу-Суудагы токой чарбасында эмгектенип, тыбыт жүндүү эчкилерди өстүрүп, тулпар аттарды таптаган.

DSCN3196

«Ал күндөр өттү. Толубайдай сынчы эмесмин. Бирок тулпарым улак тартышта, ат чабышта байгелерди багындырган. Бир жолу Ферганадагы жарышта бээ, мотоцикл утуп алгам. Тыбыт жүндүү эчкилерди өндүрүүнү майлуу-суулуктарга мен үйрөттүм шекилдүү. Ошентип, көчөт отургузуп токой кылдым. Эчки багып, эл алкышына татыдым. Тулпар таптап, аламан байгелерди багындырдым. Жараткандын жазмышы ушул экен. 13 баламдан айрылып, керт башымды көтөрүп, өлбөстүн күнүн көрүп келем.

Өкүнөм, ыйлайм, таң атканча, күн батканча эмнеден жаздым деген ойдо өмүр жолума ой жүгүртөм. Күн өткөн сайын алдан тайып барам. Тамакка деле табитим жок. Мына бүгүн 4 күндөн бери тамак ичкен ашканага келдим. Мени таанышат, сый-урматын көрсөтүшөт. Панфиловдо тынч жашап келем, элине ыракмат. Тааныгандар салам айтып, колдон жетелеп жол көрсөтүшөт. Пенсиям өз оокатыма жетет. Тирүү жандын жашоосу жөргөмүштүн уясындай тордолуп улана берет тура. Балдарым түшүмө кирет. Акыл-эси толо электе биринин артынан бири кете берди. Таң калам. Кордуу, шордуу башым эч нерсеге жетпей келет. Турмуш тузагына түшүнбөйм...», - деди ый аралаш муңдуу сөз козгоп.

Кийинчерээк Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыздоо департаменти Т.Абдылдаевге жардам көрсөтүлө турганын билдирди.

«Turmush басылмасына макала жарыялангандан кийин Панфилов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери андан кабар алышты. Ошондой эле ага социалдык кызматкер бекитилди, жакында жардам көрсөтүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×