Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Талас облусу, Талас 05.12.2018 13:00

Жаш талант: Таластык И.Кемелбеков 7 жылдан бери ыктыярчы болуп, элге маалымат жеткирүүнүн аракетинде жүрөт (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 17 жаштагы тургуну Искендер Кемелбеков 7 жылдан бери ыктыярчы болуп иштеп, коомчулук менен иш алып барат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ыктыярчылардан түзүлгөн команда менен биргеликте майып балдардын көңүлүн алып, концерттик программа уюштуруп турушат. Андан тышкары кары адамдардын үйлөрүнүн тегерегин тазалап, жардамдарын беришет. Учурда ал Талас шаарындагы №3 мектеп гимназиясында 11-класста окуйт.

«Мен алгач Кызыл Ай Коому жөнүндө улуу муундагы ыктыярчылардан угуп жүрчүмүн. Ошол кезде бир тууган эжем дагы ыктыярчы болуп иштечү. Бир күнү бир акцияга көп адамдар керек болуп, менин дагы барышымды суранган эле. Ошол күнү мал базарга барып, флешмоб бийлегенбиз. Элге «малдан жугуучу оорулар бар, андан сактаныңыздар» деп түшүндүрүү ишин жүргүзгөндөн кийин брошюраларды таратканбыз. Ошондон кийин өз каалоом менен ыктыярчы болуп иштегим келип калган.

Андан кийин досума кабарлап, өзүбүз окуган мектептин ар бир класстарына кирип, ыктыярчы болууну каалагандарды келгиле деп чакырганбыз. Учурда ошол мектептен эле 50дөн ашык жаш ыктыярчылар бар. Азыр Талас боюнча бардык муундарды кошкондо 1 миңден ашуун ыктыярчылар иштеп жүрөбүз. Андан тышкары «Репродуктивдик саламаттык боюнча альянс» деген уюмда дагы ыктыярчылык кылам. Көп убактымды Кызыл Ай Коомундагы ыктыярчылык жумушум менен өткөрөм. Мурдагы жылы эмгегим бааланып, «Мыкты ыктыярчы» деген наамга ээ болгом. Мен күткөн эмес элем (күлүп).

Ар кандай темадагы тренингдерди өтүп турам. Көбүнчөсү командам менен биргеликте айылдарды кыдырып, маалымат жайылтып иштеп калабыз. Мисалы кургак учук, ВИЧ, СПИД, кандын донорлугу жана башка темаларда маалымат берип, чоң масштабда иш жүзүндө дагы көрсөтүп турабыз. Командабыз менен бирге медициналык биринчи жардам берүүнүн ыкмаларын көрсөтүп, элге түшүндүрмө беребиз. Бул багытта мектептер аралык мелдеш өтүп, 1-орунду ээлегенбиз. Андан утуп, Бишкектеги республикалык деңгээлдеги сынактан 2-орунга татыганбыз. Эл аралык ыктыярчылар күнүнө карата иш-чара болот. Ага да катышам. 4 күн мурун Чолпонбай айылындагы окуучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча 3 сааттык тренинг өттүк.

Ыктыярчылык иштерден тажрыйба топтоп, көп нерселерди үйрөнүп жүрөм. Маалымат жайылтуу менин ийгиликтерим деп эсептейм. Убагында ыктыярчылык ишти токтотпой улантып кеткениме сыймыктанам. Атам Оморов Замир жана апам Шейшенова Гүлипа мени ар дайым колдоп келишет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле эсинде калган окуяны эскерди.

«3 жыл мурун Таласка Кызыл Ай Коомунун 7 облустагы кызматкерлери келишкен. Алар менен Кара-Буура районунда күтүүсүз кырдаал боюнча окуудан өткөнбүз. Анда кароосуз калган үйдү өрттөп, анын ичинде жабырлануучулар калган учурду уюштурдук. Бизди (өрттөнгөн үйдө калып калгандарды) 7 облустан келген кызматкерлер сактап калышы керек болчу. Ошондой даярдык иштери, аны чагылдыруу болуп жатып 1 күн кечке уктоочу капка жатканым эсимден кетпейт.

Бардык айылдарга барып турабыз. Биздин милдет — маалыматтарды жеткирүү. Антпесе оорулар жана көйгөйлөр көбөйүп кетиши мүмкүн», - деди ал.

Искендер келечекте программист болгусу келет. Бош убактысында пианинодо ойнойт. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×