Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусу, Токмок 03.12.2018 23:50 Жаңыланды: 04.12.2018 15:44

«Тагдыр»: «Жакындарым баламдан баш тартууну сунушташты», - уулунун оорусу менен күрөшкөн эне (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы Токмок шаарынын 34 жаштагы тургуну Элиза Эрматова көп жылдан бери уулунун оорусу менен күрөшүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Элиза Эрматова 1 кыз, 2 уулдун апасы. Улуу кызы 9 жашта, андан кийинки уулу Азирет 7 жашта болсо, кичүү баласы 3 жашта. Алар Азиреттин оорусу тууралуу ал 1 жаштан өткөндө билишкен.

«Учурда балам 7 жашка чыкты, акыркы 6 жылдан бери анын шал оорусу менен күрөшүп келебиз. Улуу кызым ден соолугу чың төрөлгөн, азыр ал мектепте окуйт жана менин чоң жардамчым. Азирет андан 2 жашка кичүү. Уулум боюмда бар кезде 9 ай тең жакшы өткөн, эч кандай кыйынчылыктар болгон эмес. Төрөткө аз калганда суу кетип, бирок толгоо болгон жок. Ал убакта дарыгерлер көзөмөлдөп турушту. Мен 4 сутка төрөт үйүндө болдум, балам жатында суусу жок жатты, андан кийин гана дарыгерлер төрөттү кабыл алышты. Ага чейин толгоо жок болгондуктан төрөтүшкөн жок. Балам төрөлгөндөн кийин патологиялык бөлүмдө 2 ай жатты. Ага 1 жаш 2 ай болгондо дарыгерлер шал оорусунун оор түрү деген диагноз коюшту.

Ошол убактан бери биз Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканада, Ак-Суу райондук кайра калыбына келтирүүчү ооруканада дарыланып келебиз. Азыр бир аз жыйынтык бар, уулумдун булчуңдары жайылып, колдору түздөлүп калды. Дарыгерлерге рахмат», - дейт ал.

Ал кыйын болгонуна карабай, уулунун оорусу менен дайыма күрөшүп келгенин айтат.

«Азирет өзгөчө бала, мен аны оорулуу деп эсептебейм. Ага эненин мээрими абдан керек. Ал баарын түшүнөт, суроолорго жооп бергенге аракет кылат, күлөт. Мындай учурда мен анын ден соолугу, бакыты үчүн ого бетер күрөшкүм келет», - дейт Элиза Эрматова.

Ал ага баласынан баш тартууну сунуштагандар дагы болгонун айтат.

«Албетте оңой болгон жок. Мен уулумдун оорулуу экенин кабыл алгым келбейт. Ал эми тааныштарым, жакындарым, досторум болсо уулумдан баш тартууну сунушташат. Балким, алар менин кыйналганымды көрүп, ушинтип айтып жатышкандыр. Бирок алардан «уулуңдан баш тарт» деген сөздү угуу абдан кыйын экен. Мен аягына чейин бул оору менен күрөшүп, аны бутуна тургузууга аракет кылам», - дейт Элиза.

Акыркы 6 жылдан бери Элиза уулу менен Ысык-Көл облустук бириктирилген оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө келип дарыланышат. Ар бир жарым жыл сайын Азирет дарылануудан өтөт. Элизанын жолдошу учурда Россияда иштейт, ал уулунун дарылануусун каржылап, үй-бүлөсүн камсыздап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×