Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 03.12.2018 15:57 Жаңыланды: 03.12.2018 18:54 На русском

Терек-Сайда 14 адам камалгандан кийин митингге чыгышты. Мушташ учурундагы видео

Turmush -  Чаткал районундагы Терек-Сай айылында 100дөн ашык адам митингге чыкканын Жогорку Кеңештин комитетинин бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

«Өкмөт ал жакка атайын даярдыктагы кызматкерлерди жөнөттү. Эл биздики, алар дагы биздин балдар. Бул маселени чечүү үчүн өкмөттүн бир дагы мүчөсү ошол жерге барган жок. Облустагы бийликтин өкүлдөрү да барган эмес. Жүздөгөн адамдар "Эти Бакыр Терек-Сай" фирмасына байланыштуу өздөрүнүн укугун коргоо үчүн чыгышты», - деди депутат.

Депутат бул маселени тез арада вице-премьер-министрге кабарлап, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

Ал эми Turmush басылмасынын кабарчысына Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Марат Кайыпов нааразы болгон элдин талабын айтып берди. Алар камактагы айылдаштарын (жалпы 14 адам) бошотуу талабын коюп жатышат.

Ал эми видеокамерага Терек-Сай айылынын тургундары менен ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринин катышуусундагы мушташ тартылып калган. Бул окуя 2018-жылы 5-ноябрда болгон.

-------------------------------------------------

Митингге чыккан жергиликтүү тургундардын ырастоолорунда, буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылыч Жолдошов, бийлик өкүлдөрү жашоочулар менен жолугушканда жергиликтүү тургундар менен милиция өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестик элдешүү жолу менен бүтөөрүн айтышкан.

«Элге берген убадаларына турушкан жок. Бир ай мурда болгон окуяны кайрадан козгошуп, биздин балдарды камап коюшту. Кармалгандар чыгарылсын. Жылкысына бараткан баланы киргизбей, уруп коюшкандыктан жергиликтүү эл "эртең мал-жандыгыбыз талаага өтүп кетсе, биз дагы өтө албай калабыз" деген ойдо атайын постко чогулуп барышкан», - дешти жергиликтүүлөр.

Окуя тууралуу:

Терек-Сай айылында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ур-токмокко алган деген 14 адамды милиция кармап кеткени белгилүү болгон. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 2-декабрда милициянын кызматкерлери 3 автоунаа менен келишип, 14 жаранды кармап кетишкен.

Буга чейин маалымдалгандай, Терек-Сай айылында сурьма чыгарылган аймакта 5-ноябрда чыр чыккан. Жаңжалдын кесепетинен тез чара көрүү отрядынын кызматкерлери жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Бул аймакта сурьманы өз алдынча казууга тыюу салуу максатында пост уюштурулган болчу. Жергиликтүү тургундун ую ал тарапка өтүп кеткенде, постто турган күзөтчүлөрдөн уйду айдап чыгуу үчүн уруксат сураган. Бирок күзөтчүлөр ал адамды өткөрбөй койгондо эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Айыл тургуну бир аз убакыттан кийин жергиликтүү жаштарды кен чыккан аймакка ээрчитип барган, чыр-чатактын кесепетинен ыкчам чара көрүү отрядынын аскерлери жабыркаган. Отряддын аскерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар ооруканадан чыгарылган. Бул окуя боюнча ээнбаштык жана бийлик өкүлүнө кол салуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×