Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 27.11.2018 09:30 На русском

Погончон айым: Уурулук кылган адам өзү телефон чалып... Милициядан тапкан махабат: Э.Чотбаева күйөөсү экөө тең милицияда иштейт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын 26 жаштагы тургуну Эсенгүл Чотбаева өзү кыялданган кесипке ээ болуп, милициянын катарында иштеп жатат. Аймактык кабарчы погончон айым менен таанышты.

Атанын жолун жолдоп

1992-жылы Кара-Буура районунун Молотов айылында туулгам. Үйдө атам, акелеримдин баары милиция кызматкерлери. Мен дагы «чоңойгондо милиция кызматкери болом, форма кийем» деп айта берчүүмүн. Апам болсо «ал кызмат түйшүктүү, аял кишиге кыйын болот» деп айта берчүү. Кудай буйруп, чын эле кичинемде кыялданган кесипке ээ болдум. 2013-жылы Бишкек шаарындагы Жапар Сабиров атындагы милициянын орто мектебин аяктадым. Ошол эле жылы апрель айында Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнө буйрук чыгып, жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспектор болуп жумушка кирдим. Учурда ошол эле райондук ички иштер бөлүмүндө жаш өспүрүрмдөр менен иштеген ага инспектормун. Балдар менен иш алып баруу чындыгында оор. Азыр балдардын аң-сезими башкача. Ар бирине өзүмдүн балдарыма жасагандай мамиле кылам. Мага алардын ишеними маанилүү.

Милициядан тапкан махабат

Жолдошум Эрбол Ботбаев менен ушул жерден (милициядан) таанышканбыз. Эрбол 1989-жылы Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. Жумушка жаңы келгенде кесиптеш катары мамилебиз жакшы болчу. Анан бири-бирибизди жакшы таанып баштаган соң мага сезимин билдирип, жүрөгүмдү сый мамилеси менен багындырды. Жумушка келгенден кийин туура 1 жылдан кийин үй-бүлө дагы курдум. 2014-жылы апрель айында Аманбаев айылына келин болуп бардым. Учурда жолдошум Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө аймкатык тескөөчү болуп иштейт.

Алтындай кайын эне, түшүнүктүү кайын журт

Кайын журтум жолдошум экөөбүздүн кызматыбызды түшүнүшөт. Бири-бирибизге кеп-кеңеш айтып, жардам бергенге аракет кылабыз. Уулубуз бакчага барат. Кичүү кызыбыз 1 жашка чыга элек. 6 ай болгондо эле жумушка чыгып кеттим. Кайын энем «мен багам» деп багып жатат. Ушундай апага туш болгонума ыраазымын. Апам колдоо көрсөтүп, кымындай бөбөктү багып жатат. Маал-маалы менен барып, кызымды эмизип келип турам. Күн-түн дебей чакыруу болсо жолдошум экөөбүз тең кетебиз. Апамдар үйдү жайгарып калышат.

Уруу кылган адам түндө өзү телефон чалып кылмышын айтып

Жумушта ар күнү кызыктар болот. Былтыр айылдарга чыгып кетсем, райондук ички иштер бөлүмүнө ата-энесин таппай калды деп бир кыз түшүп калыптыр. Мага чалуу келди. Мен келсем жашы 15-16 чамасындагы кыз экен. Сүйлөп түшүндүрө албайт экен. «Бул кызды Бишкеке алып барыш керек, райондо мындай окуучу жок экен» деп ойлодум. Мен бир күн кечке жанымда алып жүрдүм, кошо тамактандык. Ага абдан аяр мамиле кылып, кичине кыздай кылып ээрчитип жүргөм. Жумуш учурунда Аманбаев айылындагы мектепке барышым керек болчу. Менин жанымда баягы кыз кошо жүргөн. Бардык мугалимдер менен жолугуп ишимди жасап жатсам бир маалда ошол мектепте иштеген эже келди. Ал «менин кызым сенде эмне жүрөт?» дейт. Көрсө ошол жерде иштеген эженин кызы экен. Ал кыз 25 жашта экен. Ден соолугуна байланыштуу абдан кичинекей көрүнөт экен. Апасы «кызымды таап келдиң» деп аябай сүйүнгөн. Мен ал мектепке кокусунан эле баргам. Бирок ушундай жол менен табылып калганына кубандым.

Бир жолу районубузда мал уурулук болуп, уурулар өздөрү кабарлаган учур болгон. Мага түндө бир таанышымдан телефонума чалуу болду. «Биз ушинтип мал уурдап чыктык» деп айтып жатты. Эртеси биздин кызматкерлер менен түндөгү айтылган үйгө бардык. Үй ээси койлорун санап чыкса эле 1 кой жок. Жоголгонун ээси өзү дагы билбейт экен (күлүп). Көрсө мал уурдага таанышым мас абалында телефондогу номерди терип жатып мага жаңылып чалып алып сүйлөй бериптир.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

15.11.2018Погончон айым: Сулуулар сынагын жеңүү, революциядагы токмок... Б.Темирбаева Таласта полковник чинин алган алгачкы айым (фото)
15.11.2018Погончон айым: Тергөөчү Асел Сагыналиевага ыраазычылык билдиргендер ыр жазып келишкен (сүрөт)
14.11.2018Погончон айым: Баткендик подполковник Г.Момунова 17 жыл милицияда иштеп, азыр окуучуларга тажрыйбасын бөлүшүүдө (фото)
13.11.2018Погончон айым: Туугандары сөөгүн алып кетпеген адамдар... Кылмыштардан коркуу — Назгүл айым 22 жылдан бери ИИМде иштейт
12.11.2018Апасы ичип, 3 күн кароосуз калган бөбөктөр... Погончон айым — жалгыз бой эне Перизаттын жашоосу (сүрөт)
09.11.2018Погончон айым: Тескөөчү А.Райимкулова атасынын каршылыгына карабай, кыялданган кесибинин ээси болду (сүрөт)
02.11.2018Погончон айым: 25 жаштагы Бегайым чоң атасынын жолун жолдоду (сүрөт)
01.11.2018Погончон айым: Майор Медина Султаналиева ата жолун улантып келет (сүрөт)
04.07.2018Погончон айым: Майор Т.Алманбетова жаш кадрларды тарбиялап, бир нече сыйлыктын ээси болду (видео, фото)
01.11.2017Погончон айым: Подполковник Г.Шаршеналиева бала кезинде кыялданган кесибин аркалап келет (фото)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×