Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 20.11.2018 12:08 Жаңыланды: 20.11.2018 12:54

«Семетей» лицейи 25 жашта: Жогорку даярдык жана мыкты деңгээл (видео, фоторепортаж)

Turmush -  Баткен облусундагы Кадамжай районунда «Семетей» лицейинин 25 жылдык мааракеси жогорку даярдык менен мыкты деңгээлде белгиленди. 16-ноябрдагы иш-чаранын алкагында илимий-практикалык конференция да өттү, деп маалымдашты билим берүү мекемесинен.

Конференцияга Баткен облустук окуу-усулдук борборунун директору М.А.Айжигитова, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы аким Ж.М.Исаков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар мэрлери, ата-энелер, лицейдин бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле «Сапат» билим берүү мекемесинин директорунун орун басары А.Ш.Султанмуратов, «Ала-Тоо» университетинин ректору С.С.Эрдөөлөтов жана көптөгөн коноктор катышты. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, конференциянын практикалык бөлүгүндө коноктор мыкты сабактарга катышса, илимий бөлүгүндө учурдагы билим берүү жаатындагы маанилүү маселелерди камтыган баяндамаларды угушту. Аны менен бирге лицейдин чейрек кылымдык ишинин жыйынтыгы да кеңири чагылдырылды. Ошондой эле предметтер боюнча уюштурулган көргөзмө да коноктордун купулуна толду.

Лицейге кызматы сиңген инсандарга башкы дирекциянын «Сапаттын мыктысы» төш белгиси, ыраазычылык баракчалары тапшырылса, лицейдин алдыңкы мугалимдерине жана кызматкерлерине ардак грамоталар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×