Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 04.01.2019 08:40 На русском

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк К.Мадемилов 150 кг эт берген гиссар койлорду багат (сүрөт)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын 37 жаштагы тургуну Каныбек Мадемилов салмагы 150 килограммга чейин жеткен гиссар тукумундагы койлорду багат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, гиссар койлор 3 айда эле жетилип, жылына эки жолу төл алууга болот.

«Айыл жергесинде жашагандан кийин албетте мал багабыз. Өзүмдүн уй, кой, жылкыларым бар. Акыркы жылдары асыл тукум мал багып баштадым. Асыл тукум малды досумдун короосунан көргөндөн кийин кызыга баштадым. Гиссар тукумундагы койлордун бир тобун сатыкка чыгардым. Чоң койлорду 15-20 миң сомдон, ал эми козуларын 10 миң сомдон саттым. Учурда 20 баш таза гиссар койду тукумга алып калдым. Гиссар койлор салмактуу, баасы кымбат болот. Алар 3 айда эле жетилип, жакшы багылса жылына эки жолу тууйт. Козулары 20 кг чейин, чоң койлору 80 кг чейин, ал эми кочкорлору 150 кг чейин эт берет», - деди ал.

Каныбек мырза сүт багытындагы уйларды да багат. Асыл тукум уйларды багууну өздөштүрүп келе жатканын айткан фермер алардын санын бешке жеткирди.

«Райондун борборунда чачтарачканам да бар. Ал жерде 3 бала эмгектенет. Айрым учурларда өзүм да барып иштеп, балдарга чач кыркканды үйрөтөм. Бош убакта аңчылыкка, балык уулоого чыгам. Келечекте асыл тукум малды көбөйтүүнү пландап жатам», - деп кошумчалады.

Ал 3 кыз жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.21% (771)
«РСК Банк»
28.23% (409)
«Капитал Банк»
6.42% (93)
...
Всего голосов: 1449
×