Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 15.11.2018 16:01

Коомдук ишмер Каныбек Казыбековдун кичи мекени Кызыл-Жылдызга жасаган эмгектери (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында кечээ, 14-ноябрда кичи футбол талаасынын ачылыш аземи белгиленди. Бул кичи футбол талаасы курулган жерди коомдук ишмер Каныбек Казыбеков өзүнүн Бишкек шаарындагы жерине айырбаштап элге белекке берген.

Маалым болгондой, аталган жерге өкмөттүн түрткү берүүчү грантынын эсебинен 2,7 млн сомго футбол талаасы жунуучу жайы менен чогуу курулган. Анын 500 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Каныбек Казыбеков 1964-жылдын 21-январында Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 12 бир туугандын үчүнчүсү, азыркы учурда 5 кыз жана 5 эркек бир туугандары бар.

1971-1981-жылдары Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акыев атындагы орто мектебинде окуп
билим алган. Жогорку окуу жайды 1982-1986-жылдары Украинанын Киев шаарындагы Киев
транспорт жана курулуш менеджменти окуу жайында маркшейдер иши боюнча адистикти
алып чыккан. Андан кийин 1997-2002-жылдары академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз
мамлекеттик тоо-кен университетинде тоо-кен инженери боюнча кесибин алган.

Эмгек жолу:

- 1986-1987- жылдары Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өнөр жай министрлигине
караштуу Нарын облусунун Кочкор районундагы «Чоң-Туз» шахтасында башкы маркшейдер
болуп иштеп баштаган;
- 1989-1991-жылдары «Азатта» ААКда башкы геодезист;
- 1993-1994-жылдары «Бишкек» эркин экономикалык аймагында башкы геодезист (кызматташуу жолу менен);
- 1992-1997- жылдары «Азат» ишканасында башкы геодезист, прораб, участканын башчысы болуп иштеген.
- 1996-1999-жылдары «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясында карьердин жетектөөчү маркшейдери;
- 1999-2012-жылдары «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясында карьердин инженери жана инженерлердин иши боюнча координатор болуп иштеген;
- 2012-2014-жылдары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта тоо-кен иштерин долбоорлоо боюнча
жетекчиси;
- 2014-2015-жылдары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта өндүрүштү үзгүлтүксүз камсыздоо
боюнча координатору;
- 2015-жылдан тартып ушул күнгө чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта долбоорлоо боюнча
улуу инженер болуп эмгектенип келет.

Үй-бүлөлүү 3 баланын, 7 неберенин чоң атасы.

Иштериндеги жетишкен ийгиликтери үчүн алган сыйлыктары:

- 2001-2016-жылдары «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК менен «Кумтөр Голд Компани»
ЖАКтын 5-10-15 жана 20-жылдык юбилейлеринин ардак грамотасынын ээси;
- 2012-жылы Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын
алган;
- 2015-жылы Жумгал районунун «Ардактуу атуул» наамын алган;
- 2016-жылы Жумгал районунун Чаек айыл аймактык кеңешинин ардак грамотасынын ээси;
- 2016 -жылы Жумгал районунун «Мыкты демөөрчүсү» наамы;
- 2018-жылы Нарын облусунун «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылган.

Коомдук-саясий иштерде жасаган эмгектери:

- 1986-1987-жылдары Кочкор райондук элдик көзөмөлдөө комитетинде «Чоң-Туз»
шахтасынын атынан мүчө болгон;
- 1989-1991-жылдары «Азат» ААКтын комсомол комитетинин башкы катчысы;
- 1991-1994-жылдары Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун отурумдарында элдик
көзөмөлдүн мүчөсү болгон.

Кызыгуулары:

Заманбап технологиялар, элдик оозеки чыгармалар, улуттук ат оюндары.

Демөөрчүлүк жана кайрымдуулук багытындагы иштери:

- Кызыл-Жылдыз айыл аймагын таза суу менен камсыз кылуу иштерине демөөрчүлүк кылган;
- Кызыл-Жылдыз –Беш-Терек көпүрөсүнүн жаңы курулушуна көмөктөшкөн;
- Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы спорт залды курууга демөөрчүлүк кылган;
- Жаштар арасында волейбол боюнча турнирлерди өткөрүүнү салтка айлантуу максатында жыл сайын мелдештерди өткөрүп келген;
- Республикалык деңгээлде жыл сайын өткөрүлүүчү хоккей боюнча Жумгал районунун биринчилигине демөөрчүлүк кылган;
- Кызыл-Жылдыз жана Чаек айылынын жаштарына спорттук кийимдерин жана спорт
шаймандарын алып берген;
- Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акиев атындагы орто мектебин оңдоп-түзөө ишине материалдарын сатып алууга көмөктөшкөн;
- Райондогу мектептин жарактан чыккан эшик-полдорун алмаштырууга жана жылуулук
системасын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөткөн;
- Жумгал районунда эл аралык музыкалык фестивалдарды өткөрүүгө жана уюштурууга көмөк
көрсөткөн;
- КТРКнын негизги долбоорлорунун бири болгон «Кыз-жигит сармерден» долбооруна Жумгал
районунун кыздарынын жана жигиттеринин катышуусуна каржылык салымын кошкон;
- Райондук жаш таланттардын өнөрүн өркүндөтүүгө салымын кошуп келген;
- Жумгал райондук жаштар борборунун иш алып баруусуна жардамдашкан;
- Чолпонбек Базарбаев атындагы Хореографиялык окуу жайынын таланттуу өспүрүмдөрүнүн чет өлкөлөрдөгү сынак, фестивалдарына катышуусун жыл сайын каржылап келет;
- БХУ окуу жайынын оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөткөн;
- БМПК окуу жайынын эмеректерин жаңылоо иштерине көмөктөшкөн;
- Жумгал районунун бир нече айылдарындагы мечиттерди оңдоп-түзөө иштерине
демөөрчүлүк кылган жана райондук мечитинин түптөлүшүнө каржылык жардам берген;
- Аз камсыз болгон жана ата-энелери жок үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп, алардын жашоо
шартынын оңолушуна шарт түзүп келет;
- Республикадагы «Бөбөк» балдар бакчасынын жылуулук системасын оңдоо иштерине жана
бакчага керектүү эмеректерин алууга көмөк көрсөткөн;
- Бишкек шаарындагы Учкун жаңы конушунда 90 орундуу бала бакчаны куруп берген;
- Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы кичи футбол талаасына жана башка спорт
аянтарын курууга керектүү жерди (0,25 га) айыл жаштары үчүн чечип берген.

Биздин айыл

Биздин айыл бир айыл,
Берекелүү кең айыл.
Каныбектей уулу бар,
Бүт районго тең айыл.

Арыба элим, арыба,
Ар күнү иштеп дайыма.
Гүлдөтүп, күүгүм, түштөсүн,
Гүл өстүр дайым айылга.

Айылым аска-зоом, тирегим,
Айылыма сагынганда келемин.
Келечегиң, кеңдигиң дайым тилеп,
Колдон келсе жардамымды беремин.

Ынтымак бул айылдын тилеги,
Ынтымактын ырыскысын билели.
Башкаларга үлгү болуп биз дагы,
Айылыбызды көтөрөлүү, жөлөйлүү да тирейли.

Элдин уулун эли дайым эстеген.
Элиң үчүн болсун дайым жаның бек.
Келечекке кенен таштап кадамды,
Эрдик кылды элдин уулу Каныбек.

Берекеңден кең Жумгал,
Белинде жатат алтыны.
Берешен болуп балдары,
Беш жактан чыгып көтөрүп,
Беш жылдызга теңешкен.
Менин берекем – Кызыл-Жылдыз айылы.

Ырдын автору: журналист Мирбек Асаналиев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×