Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.11.2018 18:09 На русском

Баетовго 90 жыл: Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасы тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 90 жылдык мааракесине карата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам унаасы тапшырылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

6-7-ноябрь күнү Баетов айылынын 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип, ага карата Кызыл жарым ай коому тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна заманбап үлгүдөгү тез жардам унаасы тапшырылды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары да катышып, аталган коомдун өкүлдөрү унааны борбордун башкы дарыгери Райымберди Мамашариповго тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×