Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.11.2018 17:13 На русском

Жалал-Абадда журналистке кол салуу болгону айтылууда. Өзү эмне дейт?

Turmush -  Жалал-Абад шаарында журналист Санрабия Сатыбалдиевага 9-ноябрда эртең менен кол салуу болгонун жакындары социалдык баракчага жазып чыгышты.

Санрабия Сатыбалдиева акыркы үч айдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген жергиликтүү каналдардын биринин директору болуп саналат.

Ал эми Turmush басылмасынын кабарчысы С.Сатыбалдиевадан кабар алып, окуянын чоо-жайын тактады.

Өзүнүн айтымында, ал үйүнөн чыгып келе жатканда подъезде эркек киши анын ысымын айтып токтоткон. Ага акыркы жолу эскертүү бергенин айтып, эки колун катуу кысып чыгып кеткен. Анын сол колуна учтуу нерсе тийген.

«Колумдан жылуу нерсе аккандай болду карасам кан кетип жатыптыр. Эмне экенин байкабай калдым», - дейт ал.

Азыр ал Жалал-Абад облустук биргелешкен оорукананын травматология бөлүмүндө жаткырылды. Абалы туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×