Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.11.2018 15:01

Ак-Талаада муфтийдин катышуусунда жаңы мечит ачылды (фото)

Turmush -  Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы жаңы мечиттин ачылышына катышты.

Муфтияттын маалыматына караганда, иш-чарага Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук мусулмандар казысы Мамбетасан ажы Ибраев, казыят кызматкерлери жана башкалар катышты.

Анда муфтий жергиликтүү айыл элин ысырапорчулукан оолак болуп, кайрымдуулук иштерин жосоого, балдарды билим аркылуу тарбиялап, алардын ыйман, адебине көңүл бурууга, ата-эне, кошунаны сыйлоого, улууларга урмат көрсөтүү менен алардын тажрыйбасын, акыл-насааттарын алууга чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×